Москвада Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өнөктөшү, орус-казак энергомагнаты Николай Коробовский кармалды.
Маалыматка ылайык, ага каршы Орусия ИИМине өнөктөшү Николай Яровой арыз жазып, Коробовский анын Орусиядагы бизнесинин үлүшүн тартып алганына даттанган.
24.kg агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Коробовский 10-мартта, Бишкектен Москвага учуп барганда кармалганын кабарлады. Басылма жазгандай, ал Орусияда ири алдамчылыкка шектелүүдө. Кылмыш иши былтыр 28-декабрда анын Орусиядагы бизнес-өнөктөшү жазган арыздын негизинде козголгон.
«2021-2023-жылдары Николай Коробовский менен анын өнөктөшү Я.Н.В. "Горный ключ" ЖЧКсын түзүшкөн. Андагы үлүштүн 67% Коробовскийге, 33% өнөктөшүнө таандык болгон. Алар чоң киреше ала баштаганда, Коробковский жалган адамдын жардамы менен өнөктөшүн үлүштөн чыгарып, аны $5 миллиондук чыгымга учураткан. 2025-жылдын 11-мартында Коробковскийге байланышы бар бардык объектилер тинтүүгө алынган», — деп жазды агенттик.
«Клооп» Я.Н.В деген адам Яровой Николай Владимирович экенин аныктады. Ал Орусияда Коробковскийдин «Горный ключ» ЖЧКсындагы гана өнөктөшү эмес, бул экөөнүн Кыргызстанда да биргелешкен бизнеси бар. Мында алар «көмүр Кумтөрү» деп айтылып келген Баткен облусундагы «Бел-Алма» көмүр кенине ээлик кылышат.
«Клооп» Коробовский Яровойду Бел-Алма кениндеги үлүшүнөн да ажыратканын аныктады.
Николай Коробовский — «Росатом» менен жакын байланышы бар орус-казак энергомагнаты. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен аты-жөнү Коробовскийдикине дал келген адамга жана анын эки кызына Кыргызстандын жарандыгы берилген.
Коробовский Кыргызстанда Бел-Алма көмүр кенине гана ээлик кылбайт — ал Ташиевдин балдары жана президент Жапаровдун ыктымал кайнагасы менен бирге Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясынын франшизасынын түзүүчүлөрүнүн бири.
Мындан тышкары Коробовский кыргыз президентинин жубайы Айгүл Жапарованын кайрымдуулук долбоорлоруна да демөөрчү болгон.
Бул кишинин Кыргызстандын жетекчилери менен болгон байланышы тууралуу биздин «”Барса”, Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?» деген иликтөөбүздөн кененирээк окуңуз.