Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 12-мартта, Бишкекке иш сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды.
Эртең, 13-мартта, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулап, чек ара келишимине жана бир катар документтерге кол коюшат.
21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча акыркы протоколго кол коюшкан.
27-февралда Жогорку Кеңештин бир нече комитети Тажикстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууларды жактырган. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев парламентте Кыргызстан менен Тажикстан кайсы жер тилкелерин алмашканын айтып берген, анын катарында Достук айылы тажик тарапка өтөрү белгилүү болгон.