Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өнөктөшү ТИЗОдо отурган кезинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин досуна өткөрүп берген компаниянын «Насоновское» алтын кенин иштетүүгө берилген лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
10-мартта «Клооп» менен Temirov Live биргелешкен иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2023-жылы ноябрда Көлбаевдин бизнес-өнөктөшү Азрет Боотаев УКМК ТИЗОсунда камакта отурган кезинде аталган кенди иштетүү лицензиясына ээ «Акжолтой Майнинг» компаниясын Ташиевдин эски досу Айбек Алыбаевге таандык «Консульере Групп» компаниясына өткөрүп бергени жөнүндө айтылган.
Алыбаев менен Ташиев азыркы бийлик актоого аракет кылып жаткан качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарда иштеген. Бакиев өлкөдөн качкандан кийин Алыбаев да сыртка чыгып кетип, 10 жыл Европада жашаган. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин Алыбаев Кыргызстанга кайтып, «Барселона» футбол академиясын куруу жана башкаруу боюнча Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн негизги өнөктөшү болуп калган.
12-мартта, биздин иликтөө жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин Боотаев УКМКнын ТИЗОсунда камакта отурган кезинде «Насоновское» кенин Ташиевдин досуна «эч кандай басым-кысымы жок эле», «өз ыктыяры менен» өткөрүп бергенин билдирген.
13-мартта УКМК иликтөөдө айтылган маалыматтардын баарын төгүндөгөн пресс-релиз таратты.
Атайын кызмат Боотаев кенге жалгыз өзү ээлик кылганын жана ал «милдеттүү түрдө түз инвестиция салуу шарты менен жетишилген макулдашуунун негизинде» сатылганын билдирүүдө.
УКМКнын маалыматына караганда, кийин Алыбаевдин «Консульере Групп» компаниясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык милдеттенмелерин аткарбаганы, өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестиция салбаганы жана салык карыздары бар экени «аныкталган». Мындан тышкары компаниянын ишмердүүлүгүндө башка да «мыйзамдар бузулганы» белгилүү болгон. Буга байланыштуу 12-мартта «Насоновское» кенин иштетүү лицензиясы жокко чыгарылып, кен өзү Жаратылыш министрлигинин балансына өткөрүлгөн.
УКМК жарандарды «коомдук пикир менен манипуляция кылууга кызыкдар болгондордун жалган жана чагымчыл маалыматтарына» ишенбөөгө чакырып, ишкерлик субъектилердин «Насоновское» кенин иштетүү маселесине Ташиевдин «тиешеси жок экенин жана буга чейин да болбогонун» билдирди.
«Клооп» мыйзамдуулуктун орношун колдойт. Алтын кени биздин иликтөөбүз жарыялангандан эки күндөн кийин мамлекетке кайтарылды. Бийлик ЖМКлардагы билдирүүлөргө ушундай эле реакция кылуусу керек.
Биз кенди «иштетүү маселесине» Ташиевдин тиешеси бар деген эмеспиз. Болгону Боотаев кенди Ташиев башкарган УКМКнын ТИЗОсунда камакта отурганда анын досуна өткөрүп бергенине көңүл бурганбыз. Бул УКМКга камалып чыккан мурдагы аткаминерлер менен ишкерлердин мүлкү президенттин жана атайын кызмат башчысынын айланасындагы адамдарга өткөн алгачкы учур эмес. Камакта отурганда буларга дагы кимдер мүлкүн өткөрүп бергени жөнүндө бул жерден жана бул жерден окуңуз.
Азрет Боотаевдин кенге жалгыз өзү ээлик кылганы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Ал ага Азат Абдраев менен бирге ээлик кылган. УКМК Боотаев сыяктуу эле Абдраевди да Көлбаевдин активдеринин кармоочусу деп атаган. Анын атасы менен эжесине Көлбаевдин Эркиндик бульварындагы чоң апартаменттери, «Ынтымактагы» үйү менен жер тилкеси катталган.
Кыргызстандын көмүскө лидери, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди УКМКнын кызматкерлери 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте атып өлтүрүшкөн. Ташиев «мамлекет үчүн» Көлбаевди өлтүрүү буйругун бергенин айтып, кийин бул сөзүнөн кайра баш тарткан.
Азрет Боотаев кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кармалып, ошол эле жылы декабрдын аягында эркиндикке чыккан. Анда Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып, ал мамлекетке 256 млн сом төлөп, кыймылсыз мүлкүн бергенин жазган.