Чүй облусунда былтыр ноябрда дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип, өгөй уулу жана анын досу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 12-мартта «Токмок-Лесхоз Кегети» жолунун чыгыш тарабында таштар менен көмүлгөн адамдын сөөгү табылган. Анын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум буга чейин жарандык жубайынын арызынын негизинде дайынсыз жоголгон катары изделип жаткан.
Бул факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип 29 жаштагы өгөй уулу досу менен кармалды.
«Шектүү досу менен өгөй атасынын үйүндө болушкан. Кийин келишпестиктен улам маркумдун денесине жаракат келтирип, унаага салып кетишкен. Кегети капчыгайына алып барып бир нече жолу бычак сайышкан. Сөөктү таштар менен жаап, качып кетишкен»,
— деп жазылган маалыматта.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.