УКМК WhatsApp тайпасынын администраторун массалык баш аламандыкка шектеп кармап, тергөө абагына камакка алды. Ал мессенджерде топ түзүп, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга чакырган деп айыпталууда.
«Ал “Элге акыйкат керек”, “Айта берем кайта берем”, “Кыргыз коому”, “Саясат, талкуу ой пикир”, “Кыргызстан аңга баратат”, “Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!” аталышындагы “WhatsApp” топторунун администратору болгон», — деп жазылган маалыматта.
УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү 2024-жылдын 17-18-майда Бишкектеги баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар. «Бирик кыргыз» жана «Манас атанын урпактары» топторун негиздеп, улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн материалдарды таратканы айтылды.
Учурда бул топтордун башка администраторлор менен катышуучулардын аракеттерин бөгөт коюу иштери уланууда.
Март айынын башында Жусуп Ботобаев аттуу фейсбуктун колдонуучусун УКМК массалык баш аламандыкка шектеп кармаган.
2024-жылы «Клооптун» журналисттери изилдөө жүргүзүп, бийлик жарандарга массалык баш аламандык беренеси боюнча туруктуу түрдө кылмыш ишин козгоп келгенин аныкташкан. Мындай айыптоого журналисттер, активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар эле эмес өз пикирин билдирген карапайым жарандар да кабылган.