Улакчы Мирлан Сраждиновдун өлүмүнөн кийин, Ленин райондук соту калысты үй камагына чыгаруу жана оюнчуну 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.
12-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган турнир учурунда көк бөрү ойноп жаткан оюнчу Мирлан Сраждинов каза тапкан.
Соцтүйүндө тараган видеодо Сокулук районунун «Бөрүлү» жана Оштун «Бүркүт» командаларынын оюнунда «Бөрүлүнүн» 45 жаштагы капитан башчысы жерден улакты көтөрүп жатканда ат менен кагылышкандан кийин жерден тура албай калган.
ИИМ Сраждинов ооруканага жетпей каза тапканын билдирген. Кийин Сраждиновдун өлүмүнө байлануштуу калыс жана бир улакчы кармалган.