«Азаттыктын» («Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы) директору Венера Жуматаева соцтүйүндөргө редакция ишин улантып жатканын жазды.
«Биздин 75 жылдык тарыхы бар компаниябыздын тегерегинде күтүүсүз жаңылыктар болуп жатат. Жетекчилер бизге: “Азырынча ишиңерди токтотпой уланта бергиле” деп айтышты. Башка да жаңылыктар болуп калса, сөзсүз сиздерге убагында кабарлайбыз», — деп жазды ал Фейсбук баракчасына.
Эмне болду?
14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттиктин штатын кыскартууга багытталган жарлыкка кол койгон. Алардын арасында «Америка добушу менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ишин координациялаган АКШнын глобалдык медиа боюнча агенттиги (USAGM) да бар.
Агенттиктердин жетекчилери бир жуманын ичинде, тагыраагы 21-мартка чейин президенттик администрациянын Башкаруу жана бюджет маселелери боюнча башкармалыгынын директоруна жарлыктын талаптары аткарылганы жөнүндө отчет тапшырышы керек болот.
Трамптын жарлыгы чыккандан бир нече саат өткөндөн кийин журналист Тара Палмери «Эркин Европа/Азаттык» радиосун каржылоо токтотулганы жөнүндөгү USAGM'дин катын жарыялады. Бирок азырынча бул медиа ишин улантууда. Ал эми «Америка добушу» ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, 1300дөн ашык кызматкерин административдик өргүүгө жөнөттү.
Ак үйдүн басма сөз кызматы «Америка добушунун» жабылышынын себептери жазылган билдирүү жарыялап, радиостанцияны «радикалдуу пропагандага» жана соцтүйүндөргө «Трампка каршы контент» чыгарууга айыптады.
Ак үйдүн бул чечимин дүйнө жүзүндөгү журналисттер сынга алышты. «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму АКШ президентинин чечимин айыптады.
Ал эми Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) АКШ Конгрессин USAGM'ди Ак үйдүн чечиминен коргоого чакырды.
«Ак үйдүн Конгресс каржылаган, көз карандысыз журналистиканы колдогон жана дүйнөдөгү авторитардык режимдердин нарративине чакырык таштап жаткан агенттикти жок кылууга аракет кылып жатканы кыжырды келтирет», — деди CPJ программаларынын директору Карлос Мартинес де ла Серна.
«Азаттыкка» басым
«Америка добушу» менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун жабылуу ыктымалдыгы Илон Масктын 9-февралдагы билдирүүсүнөн кийин талкуулана баштаган. Маск бул медиакорпорацияларды «акылынан адашкан радикал солчулдар» деп атап, аларды салык төлөөчүлөрдүн акчасын коротууга айыптаган.
Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» радиосун жабуу тууралуу Илон Масктын сунушун колдой турганын билдирген.
Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери «Азаттык» радиосун дайыма сынга алып келет. Өлкө башчысы басылманын журналисттери аны ашкере сындап, сөздөрүн бурмалап, окурмандарга ал жөнүндө туура эмес маалыматтарды берип жатканын билдирген. Президент 2020-жылдын октябрындагы митингдерди эске салып, «Азаттык» анда анын бийликке келишине каршы болгонун айткан.
2022-жылы октябрдын аягында Маданият министрлигинин чечими менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлгөн. Сайт басылма кыргыз бийлигине жакпай калган материалын өчүргөндөн кийин гана, 2023-жылы июлда бөгөттөн чыгарылган. Кийин «Азаттык» кыргыз бийлигинин талабы менен бир нече жолу макалаларын өчүрдү.
Көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун «Азаттыкка» карата айткан айыптоолоруна тынчсызданып жатышканын бир канча жолу билдиришкен. Алар президенттин мындай аракеттери Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн коркунуч жаратып жатканын айтышкан. Жооп катары Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги болгонун, азыр да бар экенин жана келечекте да болорун кайталап келет.
Кыргызстандагы көз карандысыз журналистикага кысым көрсөтүү «Азаттыкка» асылуу менен гана чектелбейт. Ал башка эркин басылмаларды куугунтуктоо, журналисттерди камоо жана маалыматтык мейкиндикти жөнгө салуучу репрессиялык мыйзамдарды кабыл алуу менен да мүнөздөлөт.