Ат-Башыда катуу шамал турак жайлардын чатырын учуруп кетти

Image descriptionБүгүн, 27-мартта, Нарындагы Ат-Башы районунда катуу шамал эки турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындан тышкары, Кара-Суу, Калинин жана Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын жана сарайлардын чатырлары да учуп кеткен. Зыяндын чыгымы аныктала элек.

Транспорт министрлиги бүгүнкү катуу шамал Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтерин да оодарып салганын билдирди.

Министрлик катуу бороондон улам Ош—Сары-Таш—Эркечтам жолунун 212-222-чакырымдары убактылуу жабылганын билдирди.

ӨКМ өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталып, кар жаап, үшүк жүрөрүн кабарлады. Өзгөчө кырдаалдарда акысыз "112" кызматына күнү-түнү чалууну эскерттти.