Бүгүн, 28-мартта, жер титирөөдөн кийин Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 турак үйдө жарака кеткен. Учурда ӨКМде түзүлгөн ыкчам топ жабыр тарткан үй, соцобъектерди кыдырып, тактоо иштери уланууда.
Бүгүн таңкы саат 04:42де Казакстандын аймагында 5,5 баллдык жер титирөө катталып, анын күчү Таластын Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусу менен Бишкекте 4 баллга чейин сезилген.
Саат 05:15те ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө жана керектүү чараларды көрүү маселесин талкуулашты.
Саат 07:17де Жалал-Абад облусунда да күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.