Айпери Медет кызы Азия чемпионатында үчүнчү жолу алтын медаль утту

25 жаштагы балбан Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Балбан кыз бул жеңиши менен Азия чемпиондугун үчүнчү ирет багындырды.

Спортчу 76 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Чейрек финалда кытайлык балбанды, жарым финалда түндүк кореялык кызды жеңип, финалга чыкты.

Финалда индиялык атаандашын 7:6 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болду.