Ошто 12-апрелде Навои көчөсүндө жол боюндагы үйлөр буздурулуп жатканда 11 жашар кыз жаракат алды. Бул тууралуу «Клоопко» жабыркаган кыздын тайэнеси билдирди.
Анын айтымында, мэриянын кызматкерлери үйдү бузууга келгенде кыз үйдө жалгыз болгон.
«Мен ооруканада болуп, үйдө жок элем. Кошуналар “бул үйдө жашаган аялдын майыптыгы бар, жолдошу да, эркек баласы да жок. Азыр үйүндө жок экен тийбегиле, күтө тургула” дешкен экен. Бирок ага карабастан бузушуптур. Ошол учурда канализациянын жанындагы суу атылыптыр. Үйдө 11 жаштагы неберем калган. Ал сууну жабам деп жатканда, башына бир, колуна дагы бир кум блок түшүп кетип, эс-учун жоготуп коюптур», — деди ал.
Умаралиева мэрия анын үйүнүн 1 сотых жери бузулат деп аныкталганын айтты. Бирок мэриянын кызматкерлери ишемби күнү үйдүн ээси жокто бузуу иштерин жүргүзгөнүнө нааразы болду.
«Үйдө кожоюн жок болсо, мындай кылбашы керек болчу. Мен деле өлүмгө кеткен эмесмин. Жүрөгүм ооруп, клапаным иштебей калгандыктан ишемби күнү дарыгерге акысыз көрүнгөнгө барганмын. Ошол маалда телефон чалышып, “тез келиңиз, небереңиз канга боёлуп жатат” дешти. Араң жетип келсем, тез жардам чакырылыптыр. Бузгандын кесепети балага тийди. Ушундай учурда алдын ала эскертип, үйдө бала бар болсо чыгарып туруп анан бузуш керек эле. Азыр кызым башынан жана колунан жаракат алды», — деди Умаралиева.
Ош ШИИБден бул факт катталып, учурда текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.
«Ишти жүргүзгөн бардык кызматкерлерге жана бригадирлерге атайын тергөө кызматы тарабынан чакыруу берилген. Алардан сурак алынып, окуянын чоо-жайы такталууда», — дешти милициядан.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кыздын жаракаттары аныкталууда.
Ош бийлиги Навои көчөсүн 30 метрге кеңейтүүнү пландап жатат. Бул үчүн жолдун боюндагы үйлөрдүн кызыл сызыкка чыккан аймактары сүрдүрүлмөй болгон. Мэрия эскертүү берип, 12-апрелде курулуштарды мажбурлап буза баштаган.
Бирок тургундар мэрия жолугушуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөнүн айтышкан. Алар жолдун кеңейишине каршы эмес экенин белгилеп, комиссия үйлөрүнүн наркын адилет баалап, кенемте төлөнүп берилишин жана шарты бар жер тилкесине көчүрүшүн талап кылышууда.