Ош: Жамгырда жаңы базардын чатырынан суу кирди

Ош шаарындагы жаңы курулган муниципалдык базардын чатырынан 19-апрелде жааган жамгырда суу өттү. Соодагерлердин бири жамгыр жааган сайын мындай көрүнүш болсо соода кылууга мүмкүн болбой калат деп билдирди.

Маалыматты «Клоопко» базар дирекциясынын жетекчиси тастыктап, учурда баары оңдолду деп ишендирди.

«Жаңы базарда 2400дөй орун бар. 20 чактысында суу аккан. Бул усталардын кичине шалаакылыгынан болуп калган. Профилдердин өткөн жерлери бар. Аны жамап чыккандан кийин, электр энергиясын тартып жатканда 15тей жерин кийинки усталар сыйрып салган экен. Ошол жерлерден суу өтүп кеткен. Алардын баарын толук оңдоп жасап коюшту. Базардын ичине кирген эмес. Ал эми чет жактарда эшиги ачыктарда суу аккан. Баары оңдолду» — деди Чыңгыз Шерматов.

Өткөн жылы жайда Оштогу борбордук базарды сел каптагандан кийин аны шаардын сыртына көчүрүү чечими кабыл алынган. Буга соодагерлер нааразы болуп, мэриянын алдында митинг өткөрүшкөн. Жергиликтүү бийлик шаардын четине 2500 орунга ылайыкташкан жаңы муниципалдык базар курган.

Алгач мэрия базар 2 айдын ичинде бүтөрүн айткан, бирок анын ачылышы улам жылып келет.

Акыркы жолу мэрия 20-апрелден тарта базар көчүрүлөрүн билдирген. Бирок базар дирекциясынан кайрадан көчүү иштери качан жүрөрү белгисиз экенин айтышты.