Сузакта жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жашы жете элек өгөй кызын бир нече жолу зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу 22-апрелде Акыйкатчы институту кабарлады.

Зомбулук көргөн кыз азыр 15 жашта. Анын айтымында, өгөй атасы биринчи жолу 12 жашында зордуктаган. Кыз бул маалыматты сурак учурунда тастыктаган. Өгөй атанын бул аракети эки жылга созулганын Акыйкатчы институту билдирди.

Кыздын айтымында, өткөн жылы күзүндө анын апасы чет өлкөгө иштегени кетип, үч кызын күйөөсүнүн колуна калтырган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, апасы кыздарын Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жашаган өкүл апасына жөнөткөн. Бирок быйыл апрель айында апасы кыздарын кайра жолдошуна жиберүүнү чечкен. Ошондо кыздардын улуусу — жабырлануучу — Сузакка кайтуудан баш тартып, башынан өткөргөн зордуктоо фактылары тууралуу айтып берген.

Бул окуядан кийин кыздын өкүл апасы жабырлануучуну Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө алып барган. Ал жерде жабырлануучу суракка алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

Учурда жашы жете элек кыз убактылуу балдар борборуна жайгаштырылган. Кыздын апасы өлкөдө жок болгондуктан ал социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Ысык-Ата райондук милициясы бул иштин материалдарын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берген. 19-апрелде зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын өгөй атасы кармалган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарына кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрүүгө чакырды.

Апрель айынын башында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук фактылары көбөйүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, 2023-жылы өлкө боюнча балдардын укуктарын бузган 302 учур катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 333кө жеткен. Бакированын белгилешинче, бул сандар арасында айрыкча 14төн 18 жашка чейинки кыздарга карата сексуалдык зомбулук фактылары кескин өсүп жатат.