«Азаттык» басылмасы Кыргызстандын УКМКсы Украинадагы согушка жалданмачылыкка азгыруу иши боюнча Оштогу «Русский дом» уюмунун кызматкери Наталья Секеринаны кармаганын жазып чыкты. Маалыматты уюмдан да тастыкташты.
«Айыптоонун мазмуну тууралуу толук маалыматыбыз жок, бирок кызматкерибиз жана курдашыбыздын тагдырына кабатыр болуп жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» билдиришкендей, 19-апрелде сот Секеринаны 17-июнга чейин камакка алды. Ага Кылмыш кодексинин 416-беренесинин биринчи бөлүмү, «Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу» боюнча айып тагылууда.
«Азаттыкка» таянсак, Секерина менен чогуу УКМК дагы үч адамды кармаган. Арасында Ош мэриясынын басма сөз кызматкери Сергей Лапушкин да бар.
Сотто калган үч адам да 17-июнга чейин камакта калганын кошумчалашты. Аларга деле жогоруда айтылган айып тагылып жатат.
Ош мэриясы Лапушкиндин кармалганын тастыктады.
Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу үчүн жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу, ал эми башка мамлекетте куралдуу конфликтке катышкандарга 10 жылдан 12 жылга чейин абакка кесүү менен жазаланат.
Буга чейин бул берене Сирияда согуштук аракеттерге катышкандарга колдонулган, бирок 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага толук кандуу бастырып киргенден тартып, Украинадагы согушка катышкандарга карата пайдаланыла баштады.
2023-жылы бул берене Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышкан Аскар Кубанычбек уулуна колдонулган. Алгач 10 жылга соттолуп, кийин ишти кайра карашкан. Натыйжада жаза жети жылга ылдыйлатуу менен жеңилдетилген. Кубанычбек уулу үч жылдык пробациялык көзөмөл менен бошотулган.
Буга карабай, Кубанычбек уулу кийин Орусияга кетип калган. Көп өтпөй Орусия Федерациясынын Коргоо министрлиги менен жаңы келишим түзүп, орус жарандыгын алганы белгилүү болгон.
Андан тышкары, Араванда М.у.К аттуу жаран Украинадагы согушка катышканы үчүн беш жылга соттолгон. Ал эми Нарында беш жылга соттолгон Бөрүгул уулу Бекназар мунапыс менен ырайым алган — ал мурда ЧВК «Вагнердин» курамында согушка катышкан.
*«Русский дом» уюму Ошто 2016-жылдан тарта иштей баштаган. Уюмдун сайтында жарыяланган негизги милдети — Орусия менен Кыргызстандын маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү.