Ош: Дөңгөлөк желимдөөчү жайда жарылуудан бир киши каза тапты

Image descriptionОшто желимдөөчү жайда дөңгөлөк жарылып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

Окуя 22-апрелде Оштун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында болгон.

«Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергѳѳ тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган»,
— деп билдирди облустук милициядан.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.