УКМК 100дөн ашуун жасалма электрондук виза даярдоого катышкан деген шек менен Пакистандын жаранын кармады.
Ал Кыргызстанга келген пакистандыктарга шериктери менен 100дөн ашык жасалма электрондук визаларды даярдаган деп айыпталып жатат.
«Пакистандын жаранына эки айлык мөөнөткө эки визаны 150 АКШ долларына тариздөөнү, бирдик үчүн 1700 АКШ долларга, жалпы суммасы 6800 АКШ долларына кошумча төрт жылдык визаны тариздөөнү сунуштаган. Анын талабы боюнча аванс катары ага 4400 сом которулган»,— деп жазылган маалыматта.
Шектүү 22-апрелде 87 400 сом пара алып жатканда кармалып, камакка алынган.
Учурда бул ишке тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө иши уланууда.