Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон бир жолку жардам берилет.
2024-жылдын 1-апрелине карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери катталган. Президенттин фондунан 3 млн 232 миң сом бөлүнөт.
Жардам төмөнкү категориядагы адамдарга берилет:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;
Нацисттик концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
1941–1944-жылдары Ленинград блокадасы маалында иштеп, атайын медаль же белги менен сыйланган адамдарга берилет.
Быйыл жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет.