Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошова сабалганы айтылууда. Соцтармактарда алардын көк ала болгон сүрөтү тарап, жубайлар ооруканада экени айтылды.
Активист Медербек Саидов Айжигитов менен жубайы 30-апрелде УКМК менен ИИМге суракка баргандан кийин ушул акыбалга түшкөнүн жазды. Айжигитов өзү 30-апрелде УКМКнын кызматкерлери жубайы экөөнү кармап, суракка алып барган учурда жаракат алганын ЖМКларга айткан.
Биринчи май райондук соту 30-апрелдин кечинде алардын бөгөт чарасын карап, 2-июнга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.
УКМК Айжигитов менен Гүлзат Жолжошовага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
29-апрелде УКМКнын кызматкери Айжигитовдун үйүнө барып, жубайы экөөнү тергөөгө чакырган.
Айжигитов өзү бул иштерди саясий ишмердиги менен байланыштырып, «өзүмө эч нерсе таппай жубайыма кылмыш ишин козгоп жатышат» деп билдирген.