Тышкы иштер министрлиги АКШдан депортацияланган Кыргызстандын 20 жараны 1-майда Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча чартердик каттам менен өлкөгө кайтып келгенин маалымдады.
«Бул каттам Өзбекстан республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде уюштурулган», — деп жазылган маалыматта.
АКШ тараткан маалыматка ылайык, аталган жарандар миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн атайын мекемерде кармалып турушкан. Соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин гана депортациялоо үчүн тизмеге киргизилген.
«АКШдагы жана Өзбекстандагы Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү жарандардын өз убагында жана коопсуз кайтып келиши үчүн тиешелүү органдар менен кызматташууда», — деп жазды ТИМ.
Министрлик миграциялык мыйзамдарды бузган учурда депортацияланып, өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн экенин эскертет.
Эгерде көйгөйлөр жаралса Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылууну сунуштайт.