Айжигитов УКМК кызматкерлерине кыйноо жана өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана жубайы Гүлзат Жолдошева президент Садыр Жапаров менен башкы прокурордун атына кайрылуу жөнөтүштү. Айжигитов 30-апрелде аны жана жубайын кармаган УКМК кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда. Ал өзгөчө капитан Теңир Бөрүбаевди айыптап жатат.

Саясатчынын кайрылуусун журналист Лейла Саралаева социалдык тармактарга жарыялады. Анда Айжигитов өзүнүн кармалуусун «өмүрүнө кол салуу» деп мүнөздөгөн.

«УКМК кызматкерлери колумду чоюп, тарамыштарымды үзүп, мени өмүр бою майып кылууга аракет кылышты. Алар муну ишке ашырышты», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, саясатчы аны сот залында эс-учун жоготконго чейин жеткиришкенин айтты.

«УКМКга алып келгенде, суу ич деп күч менен сунушташты. Мен ичтим. Андан кийин дароо кан басымым 60/40ка түшүп кетти. Менде ар дайым кан басым жогору болчу. […] Ал сууга эмнени аралаштырышканын билбейм, бирок жүрөгүм токтоп кала жаздады. Мен тирүү калганымды керемет деп эсептейм», — деди ал.

Саясатчы жубайынын кармалышы тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, аялын кармоо учурунда “100 килограммдык” опер үстүнө минип, ички органдарын эзген, мындан улам ал көчөдө заарасын кармай албай калган. Ошондой эле жубайын жерге сүйрөп, башынан урганын да кошумчалады.

Айжигитов капитан Бөрүбаев учурда саясатчы жандандыруу бөлүмүндө жатканда да мажбурлап алып кетебиз деп коркутуп жатканын билдирди. Учурда анын жубайы да ооруканада жатат.

Ал өзүн жана жубайын кармоо учурундагы кыйноолорго күбө болгон медиктерди жана башка күбөлөрдү сурап чыгуу талабын койду. Буга чейин Омбудсмен институту Айжигитовдун денесинде көгала тактарды каттаган.