Ош облусунун Алай районунда өзүнө кокустан мылтыктан ок атып алган жаран каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы 12-майда билдирди.
«26 жаштагы жаран 7-май күнү Терек айылындагы жайлоого достору менен аңчылыкка чыгып, кокусунан жыгылып кетип, колундагы мылтык атылып кеткен. Ок анын денесине тийип, өзү окуя болгон жерде мерт болгон», — деп жазылган маалыматта.
8-майда окуя тууралуу Алай РИИБге маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуяга күбө болгондор суракка алынууда.
Маркумдун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.