УКМК Коргоо министрлигине караштуу «Мурас» аскер бөлүгүнүн кызматкерин аткезчиликке шектеп кармады. Бул тууралуу УКМК 12-майда билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалымат боюнча 28-апрелде Лейлек районунун Интернационал айылында аскер кызматкери Тажикстанга бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал мал аткезчилери менен бирге товарды жеке өзү коштоп бара жаткан.
Бул факты боюнча материалдар Аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилген.