Депутат Жанар Акаев Ош облусунун Алай районунда жолду кеңейтүү үчүн Корул, Кең-Жылга, Тогуз-Булак жана Биринчи май айылдарындагы үйлөрдүн дээрлик бардыгы бузулуу алдында турганын билдирди.
«Ал тоонун боюндагы айыл, стратегиялык жол эмес. Ош - Бишкек же Ош - Эркечтам - Сары-Таш жолу эмес. Эмнеге ошол жердеги үйлөрдүн баарын бузабыз деп атышат? Алты метрлик жолду 26 метр кылып кеңейтебиз деп жатышат. Мындай болсо ал жерде үй калбайт экен. Же компенсация бербесе, же жер бербесе эл эмне кылат?» — деди ал.
Апрель айында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да ушуга окшош жагдай тууралуу айткан. Анда ал Кара-Кулжа районунун Жийде айылындагы үйлөрдүн 100% бузулуу алдында турганын билдирген. Депутат айылда болжол менен 150дөй үй-бүлө жашай турганын жана алардын жер тилкелерине кызыл китептери бар экенин белгилеген.
Үйлөрдү бузуу
2025-жылы Кыргызстандын түрдүү аймактарында турак жайларды бузууга байланыштуу чыр-чатактар байма-бай чыгууда.
Бишкекте бийлик өкмөттүк трассаны кеңейтүү үчүн Айтматов проспектисинин боюндагы жашоочулардын короолорун жарым-жартылай бузууну чечкен. Ошол эле маалда тургундар алардын кызыл китептери бар экенин айтып келишет. Мындан тышкары калаа бийлиги шаардагы Курманжан Датка көчөсүн кеңейтүү үчүн 45 үй бузуларын билдирүүдө.
Чүй облусундагы Чоң-Арык айылынын жашоочулары да үйлөрү бузулушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Алардын айтымында, магистралды реконструкциялоонун алкагында 400гө жакын үй бузулушу ыктымал.
Ош шаарында төрт тилкелүү жолдун курулушу үчүн 32 үй жана беш дүкөн бузулат. 12-апрелде Навои көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин бузуу учурунда 11 жаштагы кыз жаракат алган.