Акыйкатчы чогуу жашаган киши аёосуз сабаган аялдын ишин көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандык никеде жашаган киши аёосуз сабаган 38 жаштагы аял менен жолугуп, анын ишин өз көзөмөлүнө алды.

Аял учурда дарыланып жатканын жана ага Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө кайра операция жасаларын айткан.

Жабырлануучу 7-марттан 8-мартка караган түнү үч жылдан бери бирге жашап келген адамдын аёосуз ур-токмогуна кабылган.

«Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү таенесиникине кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал тез жардам чакырып берди»,
— деген жабырлануучу.

Дарыгерлер аял келген учурда баш мээси чайкалып, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгонун билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынып, эки көзү жабыркаганы аныкталган.

Жабырлануучу алгач арыз жазып, шектүүнүн туугандарынын басымынан кийин арызын кайтарып алган. Ал 7-9 жаштагы балдарынын жалгыз багуучусу. Акыркы эки жарым айдан бери дарыланып, иштей албай калган.

Акыйкатчы аялга юридикалык жана психологиялык жардам берип, укугун коргоого көмөктөшөрүн билдирди.

«Биз үй-бүлөлүк зомбулукка көз жумуп, кайдыгер карап тура албайбыз. Укук коргоо органдары аялдарга карата зомбулук боюнча бир дагы учурду көз жаздымда калтырбашы керек. Биздин кайдыгерлигибиз андан да оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. Аялга зомбулук көрсөтүп, анын ден соолугуна зыян келтирген адам жазасыз калбашы керек»,
— деди Жаманбаева.

Жабырлануучу кайрадан арыз жазууну көздөп жатат. Акыйкатчы башкы прокуратурага кат жөнөтүп, ишти объективдүү иликтөөнү көзөмөлгө алууну өтүндү.