Ошто тургунга абактагы баласын чыгарып берүүнү убада кылып, 6 миң доллардан ашык акча талап кылган үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Шектүүлөр укук коргоо органдарында тасирдүү тааныштары бар экенин айтып, жардам берүүнү убадалашкан.
«Акча талап кылгандар тергөө кызматы, соттор менен жакын мамиледе экендиктерин, 40 миң сомду өздөрү, ал эми 6 миң долларды сот тармагында иштеген таасирдүү “Руслан” аттуу адамга бере тургандыгын айтышып акча табууну тездетип берүүнү талап кыла баштаган. Баласын чыгарып албаса, баласы узак мөөнөткө камалып кете тургандыктарын айтып коркутушкан. Кийинчерээк долларды 6 миңден 4 миңге түшүрүшкөн»,
— деди Ош ШИИБден.
Кылмышка шектелип 15-майда Сузак районунун 22 жаштагы, Өзгөн районунун 21 жаштагы 2 жана издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун 41 жаштагы тургуну кармалды. Алар акчаны алып жатканда кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен 1-июнга чейин камакка алынды.
Кармалгандарга «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.