Ош шаарынын жаңы казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды

Image descriptionСамидин кары Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

51 жаштагы Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун казысы болуп иштеп келген.

Самидин кары Атабаев Ош облусунун, Бишкек шаарынын казысы, Азирети Муфтийдин орун басары жана милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган. 2024-жылдын 23-майында Ысык-Көл облусунун казысы болуп дайындалган эле.

Ал эми Ош шаарынын мурдагы казысы Мирлан Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ал жана казыяттын башка кызматкерлери мечиттер менен медреселерден мыйзамсыз акча чогултууга шектелүүдө.