Ишкер айым Рысгүл Акимжанова бүгүн, 27-майда Эверестти багындырды. Бул тууралуу анын жолдошу, депутат Эмил Токтошев билдирди.
Акимжанова дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыккан экинчи кыргызстандык аял катары тарыхта калды. Жолдошу Эмил Токтошевдин айтымында, Непал убактысы боюнча ал Эвересттин чокусуна таңкы саат 04:40та жеткен.
«Азыр ылдыйкы лагерлерге карай түшүп келе жатат. Аман- эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деп жазды Токтошев.
Акимжанова буга чейин да чокуга чыгып бара жатып, бирок 8400 метрден кийин айтка кайткан. Ага ала барган кычкылтеги жетпей калганы себеп болгон.
Буга чейин, 9-майда Асель Байбагышева Эверестке чыгып, бул чокуну багындырган алгачкы кыргызстандык айым аталган.