‼️«Клооптун» юристи журналисттердин адвокатсыз суракка алынышын мыйзамсыздык деп атады

Адвокат Бакыт Автандил «Клооптун» журналисттеринин кармалышы боюнча комментарий берди. Анын билдирүүсүн жарыялайбыз:

«Азырынча [кармалгандарды эмнеге айыптап жаткандары] так белгисиз. Бүгүн эртең менентен баштап «Клооптун» айрым журналисттери менен мурдагы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Телефондон тарта ноутбуктар жана микрофондорго чейин бардык техникаларын алып кетишкен. Баары тең УКМКнын шаардык бөлүмүнө жеткирилди.

15:30дан бери УКМКнын имаратына кире албай турабыз, бизди киргизбей жатышат. Кармалган журналисттерди адвокатсыз суракка алып жатышат. Айтымдарында, алар профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бирок алардын үйлөрү тинтүүгө алынгандан кийин кайдагы профилактикалык сүйлөшүү болушу мүмкүн? Алар бир нерсеге шектелип жатканы анык, ошондуктан баарын бул жакка алып келишти. [Адвокаттардын киргизилбегенин] Кылмыш-жаза кодексин одоно бузуу деп эсептейбиз, анткени кармалгандарга дароо адвокат чакыруу мүмкүндүгү берилиши керек.

Биздин маалыматтар боюнча, беш киши кармалды — төрт журналист жана журналисттердин биринин курбусу.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон, бирок так белгисиз. Бул тергөөчүлөрдүн айткандары боюнча. Иш кылмыш ишин козгоо жана тергөө баскычында гана.

Бизге «Клооптун» мурдагы кызматкерлеринин кармалышынын логикасы таптакыр түшүнүксүз болууда, анткени учурда аларды кармоого эч кандай негиз жок — ал эмес алынган техника боюнча экспертиза да жүргүзүлгөн жок. Тергөө кандайдыр бир бааны жүргүзүлгөн техникалык экспертизанын жыйынтыктары боюнча берет.

Тинтүү иштери Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн, анткени тинтүүнүн протоколдорунун, тинтүү тууралуу токтомдун жана соттун санкциясынын көчүрмөлөрүн айыпталуучуларга да, алардын туугандарына да беришкен эмес. Биз муну мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгү тергөө соту тарабынан ырастоону талап кылган шашылыш тинтүү болгон деп болжолдоп жатабыз.

Бул жерде үч-төрт сааттан бери жүрөм, бирок мени УКМКнын шаардык бөлүмүнө дагы деле киргизбей жатышат. Ал эмес тергөөчүлөр кирип-чыгып жатышты, бирок мени киргизе албай тургандыктарын, анткени команда күтүп жатышканын айтышты. Биз муну толук мыйзамсыздык деп эсептейбиз».