Минкабдын башчысы Адылбек Касымалиев АКШда «Камбар-Ата 2» ГЭСине инвесторлорду издеп жаткан чакта, «Камбар-Ата 2де» таң калычтуу иштер уланууда. «Клооп» бул электр станциясын модернизациялоо шарты менен алган бакиевдик майнерлер ал жерге эски жана жараксыз жабдууларды сатып алышканын аныктады. Курамына бул ГЭС кирген «Электр станциялар» ААКсынын акционеринин айтымында, «инвесторлор» ал алынган жабдуулардын баасын 34 эсеге жогору кылып көрсөтүшкөнүн билдирди.
2023-жылы биз Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик «Камбар-Ата 2» ГЭСинин электр энергиясын кантип арзан баада майнерлерге бергени жөнүндө айтып бергенбиз. Анда орусиялыктардын катышуусундагы эч кимге белгисиз «МБТ-Строй» аттуу майнинг компания электрди өздүк баасына — киловатын 1 сомго жетпеген баада алган. Бул калк төлөп жаткан баадан алты эсе төмөн. Ал кезде Кыргызстанда майнинг үчүн расмий тариф киловатына 5,04 сомтү түзүп турган.
Анда аткаминерлер бул үчүн инвесторлор ГЭСти модернизациялоого 1,5 млрд сом каражат салат деп актанышкан. Алардын айтымында, «Камбар-Ата 2» чыгарган 120 мегаваттын 30 мегаваты азыр «бекип турат» жана Кыргызстандын бирдиктүү энергосистемасына кошулбайт, буга трансформаторлор менен электр чубалгыларынын өтө эле начардыгы себеп болууда. Инвестор аларды кыйла жакшысына жана кубаттуусуна алмаштыргандан кийин, тартыш болуп жаткан электр энергиясы өлкөнүн бирдиктүү электр системасына агылат. Бул үчүн инвесторго Камбар-Атада майнинг ферма ачууга уруксат берилет.
Жумшак айтканда, муну алдамчылык десек болот. Биринчиден, Кыргызстанда мамлекеттик электр энергияга майнинг иштетүүгө болбойт. Мындай тыюуну Улуттук энергетикалык холдинг 2019-жылы киргизип, УКМК майнерлерди кармап, жабдууларын конфискациялаган. Экинчиден, «МБТ-Стройдун» энергетика тармагындагы алдамчылыктары менен белгилүү Бакиевдер кланына байланышы бар болуп чыккан. Үчүнчүдөн болсо, келишимдин шарттары боюнча, «бошогон» мегаваттардын үзүрүн Кыргызстанда баары бир эч ким көрбөйт: макулдашууга ылайык, майнерлер аларды 10 жыл бою өздөрүнө коротуп, крипталарды иштеп табышат.
Бирок бул окуянын бир гана чети болгон. «Клооп» аныктап чыккандай, майнерлер дээрлик ит бекер алып жаткан электр энергиясы үчүн электр станциясына 22 жыл мурда чыккан эски трансформаторлорду сатып алышкан. Мындан тышкары ал жабдуулар инвестициялык долбоордун негизги максаттарын ишке ашырууга да жараксыз болгон.

Эмнеге жараксыз?
«Камбар-Ата 2нин» бекип турган кубаттуулугун бошотуу жана электр станциясын Кыргызстандын бирдиктүү энергосистемасына кошуу үчүн ГЭСтин ачык бөлүштүрүү жабдуусу 500 киловольт чыңалууну бериши керек, деп түшүндүрөт «Электр станциялар» ААКсынын акционери жана энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев. Ал эми инвесторлор сатып алган трансформаторлордун документинде алар болгону 110 киловольт гана чыңалуу бере алары көрсөтүлгөн.
«Электр станциялар» ААКсы «Камбар-Ата 2ге» чакырган көз карандысыз баалоочу-эксперттин баамында («Клоопто» ал отчет бар), буга чейин кайсыл бир жерде 20 жыл иштеген трансформаторлор эптеп эле оңдоодон өткөрүлгөн: майы аккан, одоно ширетилген жана дат баскан жерлери бар.

Бирок эң таң калычтуусу: «МБТ-Строй» бул эки трансформатордун ар бирин 55 млн сомго баалаган, дейт Умбеталиев. Ошол эле маалда көз карандысыз экспертиза өндүрүүчү завод мындай трансформаторлордун даанасын 4,8 млн. сомдон сатып жатканын көрсөткөн. Эксперттин баалоосуна ылайык, ал эми эски трансформаторлордун чыныгы баасы 1,6 сомдон ашпайт.

Демек, «Камбар-Атадагы» инвесторлор трансформаторлордун баасын 34 эсе жогору кылып көрсөтүшкөн, дейт Умбеталиев.
Эксперттин корутундусунда трансформаторлорду Тольяттидеги орусиялык «РТО» компаниясы оңдоодон өткөргөнү жазылган. Биз аларга телефон чалдык. Компаниянын директору Владимир Лемешев маалыматты ырастап, бирок оңдоо иштеринин сапаты тууралуу бардык суроолорду буйрутма берүүчүгө, тагыраагы, «МБТ-Строй» компаниясына жолдоону сунуштады.
Бул компанияга мурда металл соодасы менен алектенген Москвалык ишкер Алексей Зайцев ээлик кылат. Бул кишинин дауншифтинги жөнүндө биз буга чейин да жазганбыз. Кезинде анын Орусиядагы «А-Групп» холдингинин кирешеси дээрлик 1 млрд долларга жетип турган. Бирок ал эмнегедир бул компаниясын сатып, «Камбар-Ата 2деги» майнингге байланышкан күмөндүү ишке аралашып калды.
Биз Зайцевге телефон чалып, эмнеге ал ачык эле жараксыз экени көрүнүп турган жана эски трансформаторлорду сатып алганын, ошондой эле эмнеге алардын баасын жогору кылып көрсөткөнүн сурадык. Ал алгач сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, кийинки чалууларыбызга таптакыр эле жооп бербей калды.
Биз трансформаторлор пайдаланууга жарактуу деп табылган-табылбаганын жана жыйынтыгында алар канчага бааланганын билүү үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраевге суроолорубузду жөнөттүк. Азырынча жооп жок. Министрликтен «Камбар-Ата 2де» эмне болуп жатканын билүү үчүн ал жерге адистер жөнөтүлгөнүн билдиришти. Умбеталиевдин айтымында, «Камбар-Ата 2деги» майнинг ферма толук кандуу иштеп жатат жана өткөн жылы мамлекеттин 20 млн киловатын керектеген.
Анда эмесе, оюнга көңүл буралы. Өкмөт тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын бюджети акчага толук турганын айтып мактанууда. Бирок эмнегедир «Камбар-Ата 2» үчүн жаңы трансформаторлорду жана электр өткөрүү линияларын сатып алууга 1,5 млрд сом таба албай калууда. Мунун ордуна «жабдууларын алмаштырса болду» деп, бакиевдик майнерлерди мамлекеттик ГЭСке киргизип, аларга электр энергиясын 10 жыл бою ит бекер берүүдө. А майнерлер болсо жараксыз, эски жабдууларды сатып алып, «ири суммада» инвестиция салганын көрсөтүү үчүн бааларын 34 эсеге жогору кылып көрсөтүүдө, деп белгилейт «Электр станциялар» ААКсынын акционери.
Расул Умбеталиевдин айтымында, бул баягы эле «ширшовдук схема». Бул жерде кеп Бакиевдин тушунда иштеп турган энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар жөнүндө болууда — алардын автору катары Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов эсептелет. Ал үч жыл мурда Кыргызстанга кайтып келип, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.
Майнерлер болсо эбегейсиз пайда көрүп жатышат. Ошол эле маалда Кыргызстандын калкына электр энергиясы жетишсиз болуп, өкмөт алар үчүн жыл сайын тарифтерди көтөрүп келет. Ушул эле өкмөт «Камбар-Атада» майнинг иштетүүгө уруксат берген.