Кылмыш-жаза кодексине сунушталган түзөтүүлөр, юристтердин тынчсыздануусу

Июлдун башында Жогорку Кеңешке Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизген мыйзам долбоору келип түшкөн. Түзөтүүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү кылмыштардын рецидифи институтун кайтарып берүүгө байланышкан. Кылмыштардын рецидиви институту — соттуулугу бар адам кайталап жасаган кылмыш иши.

Бирок бери деген эки түзөтүү юристтерди тынчсыздантып жатат. Алардын айтымында, документ ушул боюнча кабыл алынса, мыйзамды эркин чечмелөөгө жана бийлигинен кыянат пайдаланууга алып келиши мүмкүн.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү

Эмне болгон түзөтүүлөр? 

Мыйзам долбоорун коомдук талкууга 2024-жылы 8-апрелде президенттин администрациясы алып чыккан.

Анткен менен коомчулуктун көңүлүн Кылмыш-жаза кодексинин 18-беренесине («Кылмыш деген түшүнүк») сунушталган түзөтүү бурган. Бул эмне кылмыш, эмне кылмыш эмес экенин аныктаган негизги беренелердин бири.

Берене эки бөлүктөн туруп, төмөндөгүдөй аталат:

1. Кылмыш деп кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) таанылат.

  1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу түрдө туура келген аракет же аракетсиздик жосун болуп эсептелбейт.

Мыйзам долбоорунда демилгечилер экинчи бөлүккө төмөндөгүдөй толуктоо киргизүүнү сунушайт:«мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш болуп саналбайт».

Буга байланыштуу, ушундай эле өзгөртүү КРнын КЖКнын 50-беренесине сунушталып жатат (Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу).

«Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматында каралган милдеттерди мыйзамдуу аткаруу учурунда келтирген залалы, ошондой эле мамлекеттин эгемендигин, конституциялык түзүлүштү, улуттук, экологиялык, экономикалык, маалыматтык коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында жасалган жосун (аракет же аракетсиздик) кылмыш болуп саналбайт» — сунушталган түзөтүү кою шрифт менен белгиленген.

Ошондой эле, КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесине («Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар») оңдоо сунушталган.

Кандай учурда кылмыш иши колголбойт, козголгон кылмыш иши кыскартылат:

3) кылмыш-жаза мыйзамынын күчүнөн улам, залал келтирген жосун укук чегинде болгондо: зарыл коргонуу; аргасыз зарылдык; күчтөп же психикалык мажбурлоо; кылмыш жасаган адамды кармоо; кызмат орду боюнча мыйзамды, буйрукту (тескемени), милдеттерди аткаруу жана мамлекеттик түзүлүштүн, коомдун коопсуздугунун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун кызыкчылыгында жасалган укук чегиндеги жосун; негиздүү тобокелчилик; атайын тапшырманы аткаруу;

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар негизги максаты «уюшкан кылмыштуулукка каршы элдешкис күрөшүү жана аны биротоло жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кылмыштардын рецидиви институтун кайтарып берүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү» деп белгилешкен. Мындай түзөтүүлөрдүн зарылдыгын далилдеген башка аргументтерди негиздеме-маалымкаттан таба алган жокпуз. 

Сын-пикир

Аталган мыйзам долбооруна алгач депутат Дастан Бекешевдин көңүлү түштү.

«Укмуш! [...] Демек, орган кызматкерине кылмыш жасаган учурда актанууга аябай күчтүү укук берилет экен да. Мыйзам долбоорунда кызыктар көп экен. Жөнөкөй адамдарга, бирок жөнөкөйлөр үчүн эмес», — деп жазды ал Фейсбук барагына.

Эл өкүлүнүн мындай пикирин адвокат Нурбек Токтакунов дагы колдоду. Анын айтымында, ушул боюнча кабыл алынса, Кылмыш-жаза кодексине сунушталган «”жаңычыл” түзөтүүлөр кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коопсуздукту камсыздоо сыяктуу, жана башка жакшы ниет менен кылмыш жасаган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликтен бошотот».

«Эгерде кылмыштуулук менен күрөшүүдө таамайлык, тактык, шамдагайлык, ишине берилгендик жетпей жатса, анда чындап эле аларга кылмыш жасоого мандат бериш керек», — деп эсептейт ал.

Көз карандысыз юрист Таттуубүбү Эргешбаева сунушталган аныктама бүдөмүк экенин айтып, мыйзамды тандалма чечмелөөгө жол бериши мүмкүн экенин белгилейт.

«Мындай аныктама орган кызматкерлерине эбегейсиз укук берет жана каалагандай чечмелегенге жол ачат. “Адеп-ахлак”, “маалыматтык коопсуздук” жана “экономикалык коопсуздук” сыяктуу баалоочу категориялардын мыйзамдуу аныктамасы жок, ошондуктан мыйзамдуулук жана теңдик принциптерине каршы келген аракеттерди актоого колдонулушу мүмкүн», — деп баса белгиледи ал.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова өз кезегинде уюмдун эксперттери аталган мыйзам долбоорун «ийне-жибине чейин анализдеп», сунуштамаларды жөнөткөнүн, бирок алар эске алынбаганын айтып өттү.

Чынында эле, коомдук талкуу порталына 2024-жылдын 30-апрелинде «Адилет» укуктук клиникасынан мыйзам долбооруна сунуштар жана эскертүүлөр менен файл келип түшкөн. Азыр файл жеткиликсиз. Укуктук клиниканын сайтынан бул анализди табууга мүмкүн болгон жок.

Жакупованын пикиринде, азыркы аныктама боюнча «бул ченем чиновниктерди жоопкерчиликтен бошотот» жана «түз эле коррупциялык ченем» деп атоого болот.

Депутат Бекешев «Азаттыкка» курган маегинде мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттар бул ченемди четке какса болорун айтып берди.

«Бул мыйзам долбоорду өтө дыкаттык менен караш керек. [...] Мындай редакция менен өтүп кетсе [...] мамлекеттик кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын бир топ эле ашыкча мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп калат. Күзүндө көрөбүз го эми. Менимче, депутаттар дагы аны эске алып, четке кагат го бул норманы. Себеби бул инвестициялык климатка дагы туура келбейт», — деп белгилеген ал.

Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары каникулда, күзүндө иш орундарына кайтып келет.