Президент Садыр Жапаров «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койду.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан «мыйзамдын максаты – көз карандысыз, атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттарын түзүүгө багытталган шартта массалык маалымат каражаттары тармагындагы мыйзамдардын өркүндөтүлүшүн камсыз кылуу» деп билдиришти.
Мыйзамга ылайык, Юстиция министрлиги ЖМКнын реестрин түзөт — бул маалымат базасында каттоодон өткөн жана ишмердүүлүгүн токтоткон ЖМКлар тууралуу маалымат болот. Ошол эле учурда, каттоодон өтүү сөзсүз аткарыла турган талап. Мамлекеттик каттоодон салтуу ЖМК гана эмес, сайттар, блогдор баштаган интернет басылмалар дагы өтүүгө тийиш. Мыйзамда булар тармактык басылмалар деп аталат.
Каттоонун, кайрадан каттоонун же каттоодон баш тартуунун тартиби Министрлер кабинети тарабынан атайын жобонун негизинде бекитилет. Башкача айтканда, кайсы ЖМК иштей алат, кайсы иштебейт өкмөт аныктайт.
Милдеттүү түрдө каттоодон өтүү талабы мыйзамга эң акырында кошулду. Буга чейин парламентте мыйзамдын медиакоомчулук жана юристтер менен биргеликте иштелип чыккан «компромистүү» варианты талкууланып жаткан болчу. Ошол вариантта ЖМКнын каттоодон өтүшү ыктыярдуу деп жазылган.
Мурда Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) президент Садыр Жапаровго кайрылып, ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамга вето коюуга чакырган. Укук коргоочулар «Кыргызстанда ЖМКга болуп көрбөгөндөй басым болуп жатканын эске алганда, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү жаңы мыйзам кооптуу жана басма сөз каражаттарынын тынчсызданып жатканы бекер эмес» деп белгилешкен.
Сөз эркиндигине чабуул
ЖМК жөнүндө мыйзамдан мурун парламент интернетти жөнгө салуучу бир нече жобо жана мыйзамдарды кабыл алган. Мисалы, интернеттеги жалган жалаа, мазактоо жана жалган маалымат үчүн олуттуу айып каралган түзөтүүлөр кирген.
Ошондой эле, ЖМКда жана интернеттеги зыян маалыматтан балдарды коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анда дагы айыптар каралган. Зомбулукка, өз жанын кыюуга, зыян заттарды пайдаланууга үндөгөн маалыматтан тышкары, салттуу үй-бүлөлүк баалулуктарды четке каккан, «салттуу эмес сексуалдык мамилени» жайылтып, ата-эне менен башка жакындарга орой мамилени калыптандырган материалдарды таркатууга тыюу салынат.
Кыргызстанда буга чейин, андаги контент балдардын ден соолугуна зыян келтирет деген жүйө менен ТикТок бөгөттөлгөн. Андан тышкары, депутаттар «адеп-ахлакка шайкеш келбеген жоруктар улуттук баалуулуктарга каршы келип, келечек муунга кесепети тиет» деп өлкөдө порно сайттарга тыюу салган мыйзам кабыл алышкан.
2025-жылдын 15-августунда болсо өлкө бийлиги эл аралык интернет-трафикти бир жылга мамлекеттик монополияга киргизген.
Интернетти көзөмөлдөө менен катар, бийлик эркин медиага басым жасап, сайттарын бөгөттөп, соттук териштирүүлөрдү өткөрүп, тинтүү, суракка алуу менен коштолгон кылмыш куугунтугуна алууда.
Акыркы бир нече жылда сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча ар башка эл аралык рейтингдерде Кыргызстан барган сайын төмөн түшүүдө.