6-августта Бишкектин бийлиги Көк-Жар конушундагы 172-контурдун мыйзамсыз курулуштарын бузду. Үйлөрдүн кожоюндары буга каршы чыгып, бузуу иштерин токтотууга аракет кылышты — митинг кылып, жол тосушту. Алар президент Садыр Жапаров келишин талап кылышты.
Бишкектин Октябрь райондук ИИБнен жол тосуу фактысы боюнча «Мыйзамсыз жол тосуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлашты. Милициядан мыйзамсыз жол тосууга бир жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын кошумчалашты.
Милиция беш адамды кармады, алардын улуусу 60, эң кичүүсү 26 жашта. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегени үчүн 17 жаранга протокол түзүлдү.
Буга чейин Бишкек мэриясы Көк-Жарда 2021-жылдын декабрь айынан кийинки мыйзамсыз курулган имараттар бузулуп жатканын билдирген. Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, азыр чарбалык курулмалар — цех, дүкөн, автосервистер бузулууда.
«Түрттүрүлүп, бузулуп жаткан цех, дүкөн, унаа оңдоочу жай сыяктуу 13 объект жер мунапысына кирбейт. Жер мунапысына 2021-жылдын декабрь айына чейин курулган турак жайлар гана кирет. Азыр аймакта аталган мөөнөттөн кийин салынган 209 курулуп бүткөн турак жай бар. Турак жай ээлерине өз ыктыярыңар менен мыйзам чегинде жерди өз багытына алып келгиле деп айтып жатабыз. Көк-Жар айылында азыр баш-аягы 84,5 гектар мыйзамсыз ээленген жер бар. Биз биринчиден ал жактагы соода түйүндөр, турак жай эмес курулуштар сыяктуу чарба субъекттилерин бузабыз», — деген мэр.
Тургундар болсо бара турган жерибиз жок, жер тилкесин басып албай эле, сатып алганбыз деп айтып жатышат. Алар президентке кайрылып, маселеге көңүл бурууну суранышууда.