Прокуратура «Республиканын» талапкерлери жөнүндөгү чуулуу тасма боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаардык прокуратурасы «башка адам же башка топ үчүн добуш берүү» жана «шайлоо документтерин бурмалоо» кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду — буга«Республика» партиясынын мүчөлөрүнүн шайлоодо карусель -«айлампа» схемасын талкуулап жаткандыгы тартылган видео негиз болгон. Азырынча партия комментарий бере элек.

Бишкек шаардык прокуратурасы «Республика» партиясынан карусель» деген чуулу тасманын негизинде кылмыш ишин козгоп, аны тергөө үчүн милицияга жөнөттү.

Тасмада карусель - «айлампа» схемасынын өзү тартылып алынган эмес.

Тасманын негизги каарманы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон Наргиза Ажыбаева болгон. Анда ал «карусель» схемасынын катышуучуларына атайын дайындалган комиссия мүчөсүнө барып «Шайлоо тилкеси качан жабылат?» деген сыр сөздү айтуулары керектигин түшүндүрүп жаткандыгы тартылып алынган.

Азырынча бул кылмыш иши боюнча «Республика» партиясынын штабы эч кандай комментарий бере элек.

«Тасманы атайын кызматтын тыңчылары тарткан»

«Республика» 27-ноябрда тасманы «бийликчил партиянын» бурутмасы менен атайын кызматтагылардын тыңчылары тарткандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

«Республикачылардын» версиясы боюнча, атайын кызматтын тыңчылары алардын штабындагыларга тымызын кошулуп Ажыбаевага «карусель» схемасын сунушташкан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Республиканын» бул маалыматын четке кагууда.

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерин шайлоо 25-ноябрда өткөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Бишкекте бийликчил Кыргызстандын социал-демократтар партиясы алдыда келе жатат.

Автор: Зарема Султанбекова