Асман эко-шаарынын курулушу: башкы инвестор бийликтин жакын адамы

Асман шаарынын жаңы инвестору — Равшан Сабировдун уулунун бизнес-өнөктөшү. Бул маалыматты OCCRP жана анын өнөктөштөрү аныкташты. 20 млрд доллар акча салганы үчүн ага узак мөөнөттүк ижарага Ысык-Көлдөн төрт миң гектар жер берилмекчи. 

Акыркы төрт жыл аралыгында Ысык-Көлдүн жээгиндеги Асман деп аталган инновациялык эко-шаардын курулушу президент Садыр Жапаровдун бирден бир дымактуу убадаларынан болуп келе жатат. Курулуш иштери 2023-жылы июнда эле расмий ачылган, бирок бир нече жыл түрдүү инвесторлор менен курулай сүйлөшүүлөргө кетти. 

Сүйлөшүүлөрдү жана инвестор издөөнү Равшан Сабиров жетектеген Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик мойнуна алган. Ошол бойдон 2025-жылы ноябрда өкмөт «РедСтоун Групп» компаниясы менен макулдашууга кол коюлганын жарыялаган

Бирок OCCRP жана өнөктөштөрү бул жөнөкөй инвестор эместигин аныкташты. «РедСтоун Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Юньфэй Ту Сабировдун уулу Низамидин менен биргеликте адистештирилбеген дүң соода тармагындагы кыргызстандык «Зет Системс» компаниясына ээлик кылат. 

«Зет Системске» Юньфэй Ту 2026-жылдын июнь айынын башына чейин негиздөөчү болуп жүргөн, өзүнө караштуу «Восточная инвестиционная компания» аркылуу кирген. Азыр Ту расмий бул компанияга тиешеси жок болгону менен, фирма «Зет Системстин» тең кожоюну бойдон калууда.

OCCRP уюмунун колуна тийген инвестициялык макулдашууга караганда, «РедСтоун Групп» курулушка 20 млрд доллар салмакчы — Кыргызстандын 2025-жылга карата ИДПсы (Ички дүң продукциясы) болжол менен ушул суммага барабар. 

Өз кезегинде, өкмөт инвесторго Ысык-Көл облусунан 4,015 гектар жерди 49 жылга ижарага бермекчи. Компания Асман шаарын 2033-жылга куруп бүтүрүү милдетин алат. 

Бирок иликтөөчүлөр «РедСтоун Групп» мурда-кийин ири курулуш объектилерин ишке ашырганы тууралуу далилдерди таба алышкан эмес. Компанияын мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыра турчу капиталы бар экени да белгисиз. 

Асман шаарынын курулушуна катышкан дагы бир компания бар — ал дагы Юньфэй Ту менен байланышы бар. «Тяньшань Инвестиционная Группа» компаниясы 2025-жылы ноябрда Кыргызстанда, Юньфэй Ту өнөктөштөрү менен ээлик кылган «Блэкстоун ИнвестГрупп» катталган юридикалык дарек боюнча каттоодон өткөн. 

Бийлик буга чейин да Асман шаарынын курулушуна жогорку кызмат адамдарына байланышы бар адамдарды тартууга аракет кылган. Жуналисттер аныктагандай, мурдагы инвестициялык макулдашууга ылайык, долбоорго жергиликтүү кыргызстандык өнөктөш катары «Модуль Хаус» компаниясы катышмак болгон.

Буга чейин «Клооп», OCCRP жана Temirov Live аталган компаниянын кожоюндарынын бири — Эламан Токтобеков — Садыр Жапаровдун жакын досунун баласы экенин аныкташкан. «Модуль Хаус» президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөгөн ири долбоорлорду тескеген компаниялар тобуна кирет.   

Мурда бул компаниянын тең кожоюну Кочкорбек Жуманазаров болгон, бирок азыр анын ордунда Жыпаргүл Базарбаева. Жеке булактардын маалыматына караганда, Жуманазаров президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жакын адамы, ал эми Жыпаргүл Базарбаева — эжеси.