Асфальт падышалары. Бишкектин жолдорунун «убалына калган» фирмалар кимдики?

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жакында капиталдык оңдоодон өткөн. Бишкек мэриясы буга бери дегенде 740 млн сом сарптаган. Бирок оңдолгон асфальт тез эле жарылып, ар кайсы жеринен чөгүп кеткен. Бийлик болсо даттанууларга эч кандай реакция кылган эмес. «Клооп» жол оңдогон үч жалданмачы компаниянын экөө азыр кызматта турган жана мурда иштеген чиновниктерге байланышы бар экенин аныктап чыкты.

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрү капиталдык оңдоодон өтүп, бирок тез эле жаңы төшөлгөн асфальт оюлуп, ар кай жеринен жарака кетип, айрым бөлүктөрү таптакыр чөгүп кеткен. Бул көрүнүштү Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов видеого тартып, жаңы асфальт «пластилинге окшоп», «кебетеси келишип» калганын айтып чыккан. Ибрагимов жолду капиталдык оңдоодон өткөргөндөргө «эл аралык деңгээлдеги эксперттердин катышуусунда» көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев.

Ажырымдын көпүрөсү

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү реконструкциялоо жана жол оңдоо өткөн жылы июндун аягында башталган. 2025-жылы ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев көпүрөнүн ачылышын салтанаттуу өткөргөн. Мэрдин айтымында, жумуш 144 млн сомго бааланган — анын айтымында, ушунчалык чакан сумма бөлүнгөндүктөн, жалданмачы компаниялар бул ишти алгысы да келген эмес. Акыры кытайлык инвесторлор гана макул болгон, бирок мэрия акчаны үч жыл аралыгында бөлүп төлөйбүз деп макулдашкан. Азыр да ошол кытайлык инвесторлор Бишкекте дагы бир көпүрө куруп жатышат.

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө. Сүрөт: Кактус

Ибрагимовдун Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөгө төшөлгөн асфальт керектен чыкканы боюнча дооматтарына жооп берип жатып, Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бул бөлүктөгү жолдун сапатына «колдонуунун интенсивдүүлүгү» себеп болгонун айткан.
«Ауэзов көпүрөсү боюнча. Силер кечкисин карап көргүлө, бир саатта оор жүк ташуучу канча унаа өтүп жатат. Бул актануу эмес. Биз бир нерсе талаптарды айтканбыз — эгерде алар [жалданмачылар] сапатсыз жол курса, үч жыл аралыгында өз эсебинен калыбына келтириши керек. Биз ушуну талап кылабыз жана акырына чейин турабыз», — деген ал.

Орус паспорту бар асфальт падышасы

Ал эми Болот Ибрагимов видеодо айтып жаткан Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүн кыргызстандык компаниялар оңдогон. Буларды реконструкциялоого бир топ акча — 8,6 км жолго дээрлик 600 млн сом сарпталган. «Клооптун» журналисттери бул компаниялардын артында ким турганын таап чыгышты.

Байтик Баатыр көчөсү. Сүрөт: Кактус

Байтик Баатыр көчөсүнүн 6,2 км бөлүгүн «Технотоп» компаниясы оңдогон. 2024-жылы Бишкек мэриясы буга дээрлик 414 млн сом бөлгөн: бюджеттен бир километр үчүн 67 млн сарпталган.

«Технотоптун» негиздөөчүлөрүнүн бири — Горбунов Анатолий Анатольевич. 2016-жылдан 2021-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинде «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2020-жылы медиада Горбуновдун орус жарандыгы бар деген маалымат тараган. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, депутаттарга кош жарандуулук алууга тыюу салынат. Бирок аймактык шайлоо комиссиясы убагында аны текшере алган эмес, себеби да кызыктай: Горбунов текшерүүгө уруксат бербей койгон.

Кто Есть Кто сайтынан алынган скриншот.

«Клооп» Горбуновдун орус паспорту ал кезде чындап эле болгонун аныктады. Орусиялык маалымат базаларына караганда, ал паспортту 2011-жылы алган. Бирок азыр документ жараксыз (2021-жылы Горбунов 45 жашка чыкканда мөөнөтү бүткөн болушу мүмкүн). Бирок бул экс-депутаттын орус жарандыгы жок дегенди билдирбейт.

Депутат болуп турганда Горбунов расмий «Технотоптун» негиздөөчүсү эмес болчу, бирок компания менен байланышын журналисттер ошондо эле жазып чыгышкан. Мисалы Kaktus.Media басылмасы Бишкек мэриясы жарыялаган тендерди Горбуновдун дагы бир фирмасы — «Эксперт мастер строй» утканын жазган.

«Технотоп» чуулгандуу жаңылыктарда мурда деле фигурант болгон. 2025-жылы Шабдан Баатыр көчөсүн ондоо учурунда, куруучулар жолдун ортосуна бетон блокту калтырып, эскертүүчү белги коюшту унутуп калышкан. Мындан улам «Хово» унаасынын айдоочусу блоктон буйтайм деп жеңил уунаны жалпайтып, айдоочусу ооруканага түшкөн. Анда компания болгону 75 миң сом айыпка жыгылган.

Байтик Баатыр жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнөн тышкары, акыркы үч жылдан бери «Технотоп» Бишкектин бери дегенде 15 көчөсүн реконструкциялап же оңдоп келген. Андан тышкары компания Ала-Тоо аянты менен «Манас» аэропортуна асфальт төшөгөн. Ал эми 2022-жылы «Технотоп» «Ала-Арча» жаратылыш паркына да асфальт салган.

«Көрсө булар слабый экен»

Ахунбаев көчөсү. Сүрөт: АкиПресс

Болот Ибрагимов видеодо сөз кылган Ахунбаев көчөсүн 2024-жылы «ДорСтрой Групп» компаниясы оңдогон. 2,4 км жолду капиталдык ремонттон өткөрүүгө шаар бийлиги 182,2 млн сом — ар бир километр үчүн 79 млн бөлгөн.

Бирок ушул бир нече километрди дагы компания өз алдынча бүтүрө алган эмес. 2024-жылдын жай айларында премьер-министр Акылбек Жапаров жетектеген комиссия «ДорСтрой Групптун» техникасы жетишсиз экенин аныктаган.

Бирок алардын ордуна башкасын жалдагандын ордуна, бийлик аларга кичине сес көрсөтүмүш болуп, бирок кайра шаарга караштуу техниканы кармата салган.

«Кичине “слабыйраак” экен бул компания. Ошондуктан буларга өзүбүздүн — “Бишкекасфальтсервистин” техникасын берип атабыз. Келишимди бузуп, мөөнөттөргө жетишпей, техниканы албайбыз десеңер, анда кара тизмеге киресиңер деп айтып жатабыз», — деген анда мэр Айбек Жунушалиев.

Жолдун сапатын мындан билиңиз — Ахунбаев көчөсүндө капиталдык ремонт бүткөндөн кийин, «ДорСтрой Групп» компаниясы жаңы эле төшөлгөн асфальтты кайрадан калыбына келтире баштаган. Бул иштер дефекттерди калыбына келтирүү боюнча келишимдин негизинде жүргөн.

Ошол убактарда реконструкцияланган жолдордун сапатына кайра-кайра даттануулар түшө берип, акыры көйгөйгө УКМКнын көңүлү түшкөн. Капиталдык оңдоодон кийин аз убакта эле тамтыгы чыгып калган жолдордун арасында «ДорСтрой Групп» ондогон Ахунбаев көчөсү да бар болчу. Анда УКМК мыйзам бузуу болгонун тастыктап, тергөөгө чейинки иликтөө башталганын жарыялаган. Бирок анын жыйынтыгы азыркыга чейин белгисиз.

Бирок компания бул ызы-чууну деле тоготкон эмес. 2026-жылы кайра эле Ахунбаев көчөсүн реконструкциялоону улантууга милдеттеме аган. Алар Ахунбаев көчөсүнүн Достоевскийден Ауэзовго чейинки бөлүгүн, Валиханов аркылуу Түштүк чоң Чүй каналына кеткен көпүрөнү кошо курушу керек болчу. Аны менен катар, ушул эле компания борбор калаанын бери дегенде 9 көчөсүн ондомок болгон.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев. Сүрөт:24

Мындан тышкары, «ДорСтрой Групп» курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгы көзөмөлдөгөн долбоорлорго да аралашкан. Буларга жаңы Ош базары менен жаңы Батыш автобекетинин кире бериши, «Бишкек Арена» стадионунун айланасындагы көчөлөр кирет.

Ал эми 2023-жылы, «ДорСтрой Групп» Бишкектин Ак-Өргө конушундагы 2,4 гектар аянтты ээлеген скверди 87,2 млн сомго көрктөндүргөн. План боюнча компания аймакты жашылдандырып, кудук казып, тротуар жасап, даараткана куруп, ошондой эле балдар жана оюн аянттарын орнотушу керек болчу. Бирок иш бүткөндөн кийинки жыйынтык күтүлгөндөй болбой калган: көрктөндүрүүдөн кийин дагы сквер көркүнө чыккан эмес.

Ак-Өргө конушундагы сквер. Сүрөт: Клооп

Ошондо бул фирма кимге караштуу? Сыягы бул Абдиласизовдор үй-бүлөсүнүн компаниясы окшойт.

Айбек Абдиласизов, соцтармактардан алынган сүрөт.

Компанияны 2014-жылы Абдиласизов Айбек Абдиласизович түптөгөн жана 2021-жылга чейин компаниянын негиздөөчүсү жана директору болгон. Кийин Абдиласизова Асел Тынарбековнага башкарууну өткөрүп берген. Ал эми бери дегенде 2024-жылдын декабрына карата, Абдиласизов Алишер Абдиласизович компаниянын коммерциялык директору болуп иштеген.

Алишер Абдиласизов өзүн жаңы ачылган «Ала-Тоо» («Мадина» базарынын жанындагы) базарынын жетекчиси деп атап келет. Базардын ээси — Козуев Алтынбек Үркүнбаевичтин «Ордо Курулуш Компани» компаниясы.

Абдуласизов Алишер

«Базардын ээси — Козуев Алтынбек Үркүнбаевич. Мен — ошол кишинин өкүлүмүн», — деген Алишер Абдиласизов «Ала-Тоо» жаңы базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда.

Козуев — кыйла таанымал адам. 2024-жылы OCCRP, Temirov Live жана «Клооптун» журналисттери ал президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге байланышы бар экенин аныкташкан.

Иншаат Строй Билдинг компаниясынын ээси Алишер Козуев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен.

Баарынан кызыгы, «ДорСтрой Групп» — «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп, ордуна президенттин администрациясынын жаңы имаратын кургандардын бири. Бул курулушка «Иншаат Строй билдинг» дагы катышкан. Анын негиздөөчүлөрү Алтынбек Козуев жана Акбарали Абдразаков. Абдразаков дагы Козуев сыяктуу эле Туманбаев менен байланышы бар. Бул ири долбоордун башында Туманбаев жетектеген президенттин Иш башкармалыгы турган. «ДорСтрой Групп» жана «Иншаат строй билдинг» президенттин администрациясынын жаңы имаратын куруу үчүн салыктан бошотулган жалданмачы компаниялардын тизмесинде бар болчу.

2024-жылы Садыр Жапаров Ак үйдүн курулушу үчүн Козуевди «Даңк» медалы менен сыйлаган. Ал эми «ДорСтрой Групптун» коммерциялык директору Алишер Абдиласизовго МИКтин үйлөрүнүн жана «Каракол» аэропортунун курулушуна көмөк көрсөткөнү үчүн ардак грамота тапшырган.

«ДорСтрой Групптун» тең негиздөөчүсү Айбек Абдиласизов шаардык кеңештин депутаты Майрамбек Касиев менен жубайы Жибек Жыргалбекова аркылуу катышы бар. Жыргалбекова менен Касиев соцтармактарда тууган экенин белгилешкен.

Майрамбек Касиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Касиев — 2024-жылдан тартып Бишкек шаардык кеңешинде «Эмгек партиясынан» депутат, ал эми 2025-жылдан баштап — шаардык кеңештин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары. Депутаттыка чейин «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын төрагасынын кеңешчиси болгон.

Түлеевдин учурунда, башка мэрлердин убагында деле ушулар жол салган
Парламенттин вице-спикери Болот Ибрагимовдун капиталдык оңдоодон өткөн жолдордун сапатына карата нааразычылыгына Бишкек мэри Айбек Жунушалиев агынан жарылып реакция кылган. Жунушалиев доомат мэрияга эмес, асфальт төшөгөн жалданмачы компанияга айтылышы керек деп билдирген.

«Мойнубузга алабыз, айрым жерлерде балким жолдун сапаты начар болушу мүмкүн, бирок биз алар [парламент өкүлдөрү] менен чогуу жоопкерчиликсиз компанияларга чара көрүүгө даярбыз», — деген ал.

Ошол эле учурда, калаа башчысы жол тилкелерин көп жылдардан бери бир-эки компания гана оңдоп келерин баса белгилеген.

Нариман Түлеев, Бишкектин мурдагы мэри.

«Ушунун баарын Жогорку Кеңештин депутаты Болот Ибрагимов жарыялап, “асфальт көчүп кетти” деп жатат. Бишкек мэриясынын азыркы жетекчилиги жолду сапатсыз куруп жатат деген сөздөр айтылууда. Менде бир суроо бар: Ким куруп жатат ошол жолдорду? Мэр өзүбү? Же вице-мэрби? Баягы эле, Түлеевдин учурунда, башка мэрлердин учурунда жол куруп келген компаниялар иштеп жатпайбы. Ошол эле “Технотоп”, “Мостдорстрой”, “ДорСтрой Групп”. Булар бизге чейин деле жол оңдоп келишкен. Бүгүн деле ушулар тендерлерди утуп жатышат», — деген ал.

Ошол эле учурда, Жунушалиев мындай жалданмачыларды «кара тизмеге» салып, жаңы компаниялар менен иштеп баштоого эмне тоскоол болуп жатканын түшүндүргөн эмес.

Бишкек мэриясынын транспорт департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев депутат Ибрагимовдун видеосуна комментарий берип жатып, чиновниктердин салтка айланган жообун — жолдор бекитилген стандартка ылайык курулуп жатат жана техкөзөмөлдөн өтөт деп айткан.

Уланбек Бейшенбаев , Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору.

«Биз эсептеп көрсөк, 2024-жылы салынган жолдордун колея чыккан жерлери 1% эле болуп жатат. Ошол 1%ды деле жалданмачы уюмдун эсебинен, айдоочуларга тоскоолдук келтирбей дароо оңдоп кетип жатышат. Жолдордун баары ошол мыйзамдын негизинде, ГОСТ, жоболордун негизинде, шарты менен салынып жатат. Эч ким — жалданмачы уюм, акимчилик, “Бишкек асфальт сервис” же Транспорт департаменти мыйзамды одоно бузган жок»,— деген ал.

Ал эми мэрия жоопкерчиликти жалданмачы уюмга оодарып жаткан чакта, алар дагы башка жаңы келишимдерге кол коюп, долбоорлорду алып жатат. Шаар тургундары болсо мурдагыдай эле оңдоодон кийин «агып кеткен» асфальт менен жүрүүгө туура келет.