Октябрдын аягында президент Садыр Жапаров маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин конфискацияланган «Барс» эс алуу базасын Максим Бакиевдин досу Алексей Ширшов сатып алганын жарыялаган. Анын айтымында, бул объект Ширшовго эки эсе кымбат баага сатылган.
OCCRP уюмунун журналисттери бул маалымат чындыкка дал келбей турганын аныкташты. «Барсты» сатып алууга Илан Шордун кандай катышы бар? Жапаров көпчүлүктү дагы эмне деп адаштырды?

6 млн доллар эмес, 20 млн
Президент билдирүүсүндө аталган эс алуу базасы өз баасынан эки эсе кымбат сатылганын айткан.
«Өз баасы [Барстын] 6 млн доллар болсо, биз 12 млн долларга — эки эсе жогору баага саттык», — деп мактанган президент Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары менен жолукканда.
2024-жылы «Барс» эс алуу базасын кримтөбөл Камчы Колбаевдин мыйзамсыз байыган мүлкү катары сот аркылуу конфискацияланганда, бийлик базанын баасы болжол менен 20 млн доллар экенин айткан болчу.
«Аны Улуттук коопсуздук комитети конфискация кылгандан кийин, бир жылча иштебей туруп калды. Кыштын күнү каралбай калып, кунары кача баштаган», — дейт Жапаров.
Чындыгында, базаны башка колго өткөрүп берүү үчүн бийликке бир нече ай гана керектелген. «Барс» эс алуу базасы 2024-жылдын аягында мамлекетке өткөн — акыркы чечимди Жогорку сот декабрда чыгарган.
Ал эми 2025-жылы февралда, OCCRPнин журналисттери аныктагандай, өкмөт эс алуу базасын убактылуу колдонууга берүү жөнүндө токтом чыгарган. Бирок бул макулдашуу ишке ашпай калган. Ага карабай, апрелде «Барс» акыры сатылган.
Ширшов эмес, Шорго байланышы бар компанияга кеткен
«Ширшов бул объектини 12 млн долларга сатып алды», — деп кайталаган президент, Ширшовдун өлкөгө ыктымал пайда келтирип жатканы тууралуу сөз болгондо, ансайын элди адаштырып.
OCCRPнин журналисттеринин маалыматына таянсак, база Ширшовго эмес, молдовалык бозгун олигарх Илан Шорго байланышы бар компанияга сатылган. Шор санкциядан качуу үчүн Кыргызстан аркылуу Орусиядан миллиарддаган доллар чыгарып кеткен. Ал каражат аскердик техниканын бөлүктөрүн сатып алууга да жумшалган.

Башында өкмөт эс алуу базасын «Евразия Кей Джи» деп аталган коомдук фондко убактылуу колдонууга бермек болгон. Бул Илан Шор каржылаган орусиялык «Евразия» фондунун туунду компаниясы. Макулдашуу эмне себептен ишке ашпай калганы белгисиз, бирок ошол эле жылы апрелде объект жаңы эле каттоодон өткөн «Единство Народа» фондуна берилген. Алар өз кезегинде бир гана «Евразиядан» эмес, анын туундусу «Евразия Кей Джиден» дагы каражат алып келген.
«Барс» 12 млн долларга сатылган. Дал ошол президент Жапаров айткан суммага, бирок башка алуучуга, бөлүп төлөө шарты менен.
Кадастрдагы документтерге жана «Ачык бюджет» порталындагы маалыматтарга караганда, «Единство Народа» коомдук фонду мамлекетке акчаны толук төлөп бүткөн жана «Барс» анын карамагына өткөн. Эс алуу базасы Ысык-Көл облусунда, Чолпон-Атадан анча алыс эмес жерде жайгашкан.

OCCRPнин журналисттеринин суроолоруна кат түрүндө берген жообунда, Ширшов «Барс» эс алуу базасы тууралуу сөз кылган эмес жана президенттин аны сатып алды деген билдирүүсүнө да комментарий берген эмес.
«Мен кызмат адамы эмесмин, эч кандай мамлекеттик жумушта иштебейм, андыктан мыйзам боюнча, жеке чарба иштерим тууралуу жарыялоого милдеттүү эмесмин», — деп жооп берген ал.
Ширшов көп жылдардан бери «профессионалдык тажрыйбасын, ишкердик катыштарын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн» пайдаланып, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго аралашып жүргөнүн кошумчалаган.
«Мындай долбоорлордогу менен милдетим — көмөктөшүү. Тийиштүү уюмдардын башкаруу органдарына кирбейм, алардын ишмердүүлүгүн башкарбайм жана алардын чарбалык алакаларына байланышкан чечимдерди кабыл албайм», — деп жазган ал.
Президент Жапаров менен «Евразия Кей Джи» фонду суроолорго жооп беришкен жок. Ал эми «Единство Народа» фонду менен журналисттер байланыша алган эмес.
Эмне себептен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда Жапаров базаны Шорго жакындыгы бар компания эмес, Алексей Ширшов сатып алды деп билдиргени — табышмак.

Илан Шор — молдовалык бозгун олигарх, А7 акча которуулар системасынын негиздөчүсү. Кыргыз компаниялары менен банктарын санкциядан буйтоого колдонуп, Кыргызстан аркылуу Орусиядан миллиарддаган долларды чыгарып кеткен.
Мындан тышкары, башка адамдардын атын жамынып, азыр президент Садыр Жапаров учуп жүргөн эки бизнес-джетти сатып алган. Учактардын бири 2018-жылы чыккан Gulfstream G650ER — баасы 22 млн доллар. Адатта мындай учактарды миллиардерлер, бизнес өкүлдөрү жана эл аралык класстагы жылдыздар — мисалы Илон Маск, Жефф Безос, Ким Кардашьян, Майкл Жордан колдонот. Бул моделдеги джеттин жаңысы болжол менен 70 млн доллар турат.
Дагы бир учак жупунураак — Gulfstream G450 2013-жылы чыккан, баасы 18 млн. доллар.
«Единство Народа» жана Каракол мэриясынын кызматкери
«Барс» курортун сатып алган кезде «Единство Народа» фондунун ээси Саламат Чыныбеков болчу. Салык отчетторуна караганда, Чыныбеков мүчөлүк акы катары 13 млн долларга жакын каражат төлөгөн. Бул база үчүн төлөгөн суммадан бир аз көбүрөөк акча.
Ал акчаны кайдан алганы белгисиз. Чыныбековдун соцтармактагы барагына көз чаптырсак, 2010-жылдардын ортосунда Караколдо кафеде жана «Кумтөрдө» иштеген. Андан тышкары, 2015-жылы «Капитал Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү болгону белгилүү. «Капитал Банк» — Орусияга санкциядан качууга жардам көрсөткөнү үчүн Евробиримдик менен Улуу Британиянын санкция тизмесине кирген мамлекеттик банк.

Чыныбеков — азыр Каракол шаардык мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын жетекчиси. Бул кызматка Талантбек Иманов мэр болуп дайындалгандан бир айдан кийин отурган.
Иманов — Кыгызстандын мурдагы санарип өнүктүрүү министри жана президент Жапаровдун атайын тапшырмалар боюнча мурдагы атайын өкүлү. 2010-жылдагы апрель революциясына чейин Иманов «Дастан» заводунда күзөт кызматкери жана Алексей Ширшовдун — кадимки «Барсты» сатып алды деп президент айтып жаткан адамдын жеке айдоочусу болгон. Азыр Ширшов өзүнө таандык фонд аркылуу Каракол шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салып жатат.

Чыныбеков менен Имановду мунициалдык кызматтагы жумушу гана байланыштырбайт. Экөө тең июль айында жоюлуп кеткен «Өлкөнүн ыктыярчылары» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрү болчу.
Мындан тышкары, Чыныбеков «Азия Тау» компаниясынын кожоюну жана жетекчиси. «Спарк» коммерциялык маалымат базасынын маалыматына таянсак, бул фирма да мурда Имановдуку болчу.
Имановдон кийин компанияга «Азия Пром Групп» ЖЧКсы ээлик кылган. Азыр бул ЖЧК жоюлуп кеткен. Минюсттагы маалыматка караганда анын директору Кымбат Урумкулова болгон. Дал ушул Урумкулова азыр «Евразия Кей Джинин» — тээ башында «Барс» базасын ижарага алмак болгон орусиялык «Евразия» фондунун туунду компаниясынын жетекчиси.