Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы «Прецедент» өнөктөштүк тобуна ачык отурумда чыгарылган өкүмдүн көчүрмөсүн берүүдөн баш тартууда — укук коргоочулар ал маалыматка Бишкектин райондор аралык соту аркылуу жетишүүнү көздөп жатышат.
Укук коргоочулар Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдиновага ачык өткөн сот отурумунда чыгарылган өкүмдүн көчүрмөсүн берүү боюнча сурам жөнөткөн, деп жазылган уюмдун сайтында.
«Прецедентке» жооп катары Гилязетдинова маалыматтын жашыруундугуна таянып, өкүмдүн көчүрмөсүн берүүгө укугу жоктугун билдирген.
«Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн жеке жашоосунун кол тийбестигине укуктуу, ал эми анын жашыруун маалыматтарын чогултуу, сактоо, колдонуу жана таркатууга жарандын макулдугусуз жол берилбейт», — деди укук коргоочу Гилязетдинованын айткандарын кайталап.
«Прецедент» судьянын пикири менен макул эмес — укук коргоочулардын сайтында жазылган маалыматка ылайык, ал өкүм чыгарылган соттун жыйыны ачык болгон жана ага каалаган киши катыша алмак.
«Иш соттук угуудан өткөн,[...] сот ачык болгон, демек судья Гилязетдинова тарабынан чыгарылган өкүм элдин алдында окулган. Анда эмнеге анын жазуу түрүндөгү көчүрмөсүн алууга мүмкүн болбой жатат?», — деп суроо салышууда укук коргоочулар.
«Прецеденттегилер» Гилязетдинованын баш тартуусунун мыйзамсыздыгына ишенишет. Уюм Бишкек райондор аралык сотуна доо арызын жөнөттү.
Азырынча Kloop.kg Гилязетдинова менен байланыша алган жок.
«Прецедент» маалымат үчүн биринчи жолу соттошпой эле — буга чейин алар депутатардын айлык маяналары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылып парламенттин аппаратын сотко берген.
Жогорку Кеңеш укук коргоочулар тарабынан суралып жаткан маалымат «жеке маалымат» болуп эсептелээрин айтып, далилдөөгө аракет кылып жатат.
Автор: Зарема Султанбекова