Президенттин күйөө баласы Футбол федерациясынын башчысы болуп дайындалды

7-декабрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кызынын күйөөсү Футбол федерациясынын президенти болуп дайындалды. Сурамжыланган саясат таануучулар анын дайындалышы туугандык байланыштарына тиешеси жок деп эсептеп жатышат.

Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысынын уулу жана Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп дайындалды.

Султановду бул кызматка дайындоо чечими Федерациянын аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Футбол федерациясынын басма сөз кызматынын кызматкери Төлөгөн Шаршеев Султановдун дайындалышы анын туугандык байланыштарына тиешеси жок деп эсептейт.

«Аны Федерация өзү тандады, тактап айтканда, аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү тандап алды. Конференциядагы шайлоонун жыйынтыгында Семетей Султанов президент болуп шайланды», деди Шаршеев.

Федерациянын жаңы жетекчиси комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Федерациянын буга чейинки башчысы Айбек Алымбаев 2008-жылы дайындалган, ал кызматтык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу жетекчилик кызматтан кетти.

Kloop.kg президент Атамбаевдин басма сөз катчысы менен байланыша алган жок.

Саясий серепчи Марс Сариев басма сөз кызматынын билдирүүлөрүнө макул болуп, Султановдун дайындалышы анын президенттин тууганы экендигине тиешеси жок деген пикирин билдирди.

«Футбол деген эмне? Негизинен ал “Түндүк электр” же “Кант цемент-шифер заводу” сыяктуу кирешелүү ишкана эмес - ал футбол федерациясы. Мен муну саясат менен байланыштырып болбойт деп ойлойм», — деди Сариев.

Башка саясий серепчи Марат Казакпаев Федерациянын жаңы президентинин дайындалышын «жагымсыз» тенденция деп атады.

«Туугандык байланыш болушу мүмкүн, бирок чынын айтсам Атамбаевди Бакиев жана Акаев менен салыштырууга болбойт - алар айланасына бир туугандарын, кудаларын толтуруп алышпады беле. Ошентсе да бул куркунучтуу тенденция деп ойлойм», — деди Казакпаев.

Кыргызстандын мурунку эки президентинин уулдары да кайсы бир учурларда өлкөнүн спорт федерацияларын жетектеп турушкан.

2004-2005-жылдарда биринчи президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Улуттук олимпиада комитети менен Бокс федерациясын жетектеп турган.

2008-жылы экинчи президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Күрөш федерациясынын президенти кызматында иштеген.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли