«Мир» каналы алардын имаратын «мыйзамсыз» бузгандыгы үчүн мамлекет менен соттошот

45672

Бишкектеги имараты «өз алдынча» кайрадан планы өзгөртүлгөндүктөн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Мир» телерадиокомпаниясынын имаратынын бир бөлүгүн бузду. Канал бузулган имаратты менчиги экендигин айтып, мамлекетти сотко берүүнү көздөп жатат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын бир бөлүгү мамлекетке таандык деп билдирип жатат. «Мирдегилер» болсо ал Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниянын менчиги экендигин айтууда.

Фонддун кызматкерлери имараттын бир бөлүгүн 20-декабрь күнү эртең менен бузуп башташты.

«Мир» телерадиокомпаниясы эч кандай долбоордук жана уруксат берген документтерсиз, өз алдынча имаратынын планын өзгөртүп, кайра келбеттөө курулуш иштерин жасашкан», — деп түшүндүрүштү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан.

Фонддун маалыматтарына ылайык, өкмөт компанияга колдонуу үчүн 612 чарчы метр имарат берген, бирок жаңыдан пландаштыруудан кийин «Мир» 701 чарчы метр аянттын ээлеп калган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду андан сырткары компания мамлекеттик имараттарды ижарага берип келгендигин билдирүүдө.

«Мир» телерадиокомпаниясынын жетекчилиги мамлекетке тиешелүү имараттарды мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга ижарага берген, көп мезгил бою анын ижара төлөмдөрүн мамлекетке төлөбөй келген», — деп жазылган фонддун пресс-релизинде.

«Мир» Эл аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы улуттук өкүлчүлүгүнүн директору Динара Сүймалиева Абдырахманов көчөсүнүн 170-номурундагы бузулуп жаткан имараттын бир бөлүгү  компанияга тиешелүү экендигин айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

«Биз компаниянын жеке менчиги деп атабыз [...] Бизге ал имарат “Мир” Эл аралык телерадиокомпаниясы ААКсынын уставдык капиталынын үлүшү катары берилген», — деди Сүймалиева Kloop.kgге берген маегинде.

Сүймалиева Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун сотко берүүнү көздөп жатат.

«Алар өз көз караштарын далилдебей туруп, катына бизден жооп албастан эле тосмолорду бузуу боюнча Мамэкоинспекциянын жазма буйругун алып келишти. Жыйынтыгында, алар милиция кызматкерлерин ээрчитип келип, биздин менчик мүлктөрүбүздү алып чыгып салышты [...]. Алар тосмолорду гана сындырбастан, биздин имаратттын бир бөлүгүн да бузуп салышты», — деп даттанды директор.

Сүймалиеванын айтымында, «Мирдин» мамлекеттен алган имаратты ижарага берүүгө укугу бар болгон.

Макулдашууга ылайык, коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенүүгө “Мирдин”  укугу бар жана андан түшкөн киреше компаниянын өзүндө гана калат деди ал.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «К-Ньюс» маалымат агенттигинен алынды