Укук коргоочулар: Жалал-Абад облусундагы тажиктердин үйлөнүү тоюна дагы бир кол салуу болду

800px-Buka_Raion

Декабрдын башында кыргыздардан турган топ Жалал-Абад облусунун Баймак айылында өтүп жаткан тажик үйлөнүү тоюна кол салган, деп билдиришти укук коргоочулар. Милиция анын улуттар аралык кагылыш болбогондугун айтып, ал факт боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту.

3-декабрда 15-16 жаштагы беш жаш жигит үйлөнүү тою болуп жаткан тажик үй-бүлөсүнө «кирип барышкан», мындан улам ал жерде мушташ башталган, деп билдиришти укук коргоочулар.

Жергиликтүү «Эгида-шанс» уюмунун кызматкери Елена Иванова аты-жөнүн билдирбеген айыл тургунунун айткандарына таянып, маалымат таратты.

«15-16 жаштагы мас абалындагы беш кыргыз бала келди, алар менен тойдун конокторунун ортосунда чыр чыкты. Чакырылбаган коноктордун саны аз болгондуктан тажиктер аларды сабап салышты. Анан алар коңшу айылдардагы туугандарына телефон чала башташты. Бир канча убактан кийин көп кишиден турган топ келип тажиктер менен өзбектерди сабап башташты», — деди ал айыл тургунунун айткандарын кайталап.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев укук коргоочуларга Баймак айылындагы ал жаңгал улуттар аралык кагылыш болбогондугун айткан.

«Анда улуттар аралык кыгылыш болгон эмес. Жөн гана турмуштук араздашуулардан улам келип чыккан пикир келишпестик орун алып, үйлөнүү үлпөнү учурунда эки жаш жигит мушташып кеткен», — деп жазат «Эркиндик үнү» уюму басма сөз катчынын айткандарын.

Сусунбаев кылмыш иши токтотулуп, мушташ учурунда кармалгандардын бардыгы бошотулгандыгын билдирген.

«Ал мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралы жүргүзүлгөн. Бирок даттануу арызынын жоктугунан улам учурда иш токтотулду», — деген Сусунбаев укук коргоочуларга.

«Эркиндик үнүнүн» сайтындагы маалыматка ылайык, Ивановага мушташ тууралуу билдирген айыл тургуну менен байланышууга мүмкүн эмес.

«Эркиндик үнү» аты-жөнүн айтпоосун суранган ал жаран менен байланыша алган жок, анткени айыл тургундары окуя жөнүндө журналисттер менен укук коргоочуларга эч нерсе билдирбеши керектигин айтып, аны коркутуп коюшкан», — деп жазылган уюмдун сайтында.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, быйыл Баймак айылындагы тажиктердин үйлөнүү тоюна эки жолу кол салуу болсо, жалпысынан Ала-Бука району боюнча алты жолу кол салуу катталган.

«Анда ар улуттагы өспүрүм балдар катышкан жаңжал болгон. Мунун бардыгы жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн бул көйгөйлүү районго көңүл буруп, ушундай кагылыштардын алдын алышы керектигинин зарылчылыгы жөнүндө айтып жатат», — деди«Адилетүүлүк» уюмунун координатору Абдумалик Шарипов.

Материал Kloop.kgнин журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү, учурда укук коргооочу «Борбордук Азиянын Эркиндик үнү» порталында иштеп жаткан Евгений Погребняктын макаласына негизделди.

Автор: Зарема Султанбекова