Ысык-Көл: Түп — Кеген унаа жолу ачылды

bishkek-at-night_10349

7-январга караган түнү Кыргызстандын ӨКМинин кызматкерлери Ысык-Көл облусу менен Казакстанды бириктирип турган унаа жолду жарым-жартылай тазалап бүтүштү. Карды тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы ыкчам топтун башчысы Муханбет Сваров Kloop.kgге берген маегинде Түп-Кеген унаа жолу ачылгандыгын ырастады.

«Жолду бир багытка карай ачтык, азыр кеңейтүү иштери жүрүп жатат», — деди Сваров.

Ысык-Көл облусун Казакстан менен түздөн-түз байланыштырып турган Түп — Кеген унаа жолундагы карды тазалоо иштери уланууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жолду тазалоо иштерине эки жүк унаасы, эки бульдозер жана бир кар тазалоочу унаа тартылган.

Унаа жолу бурганактап жааган кардан улам 2-январда жабылган.

Анда куткаруучулар 3-январдын кечине карата жолдун бир багытка кете турган бөлүгүн тазалап бүтүп, кууш өткөөлдү ачууну пландап жатышкан. Бирок кар кайрадан жаап баштаган.

ӨКМ Түп-Кеген унаа жолун 20-декабрда да жапкан, аны менен бирге дагы эки тоолуу унаа жол тосулган.

Анда ал унаа жолдордун жабылуусуна катуу бороон себеп болгон. Кыргызстанда 12-декабрдан 22-декбрга чейин өтө суук аба ырайы болуп, ал кардын жаашы менен коштолгон

Гидрометеорологиялык агенттик 2013-жылдын январында республика боюнча катуу суук болбойт деп болжолдоодо.

Автор: Эльдос Казыбеков