Хроника: Судья «ата-журтчулардын» ишин кароодон баш тартты [12:59да жаңыланды, + фото]

dtваиджмi

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун ишин кароону баштады. Алар «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагында үч айга жакын камакта болушкан. Судья Абдразак Боромбаев айыпталып жаткандардын жактоочуларынын өтүнүчүн канаттандырып, ишти кароодон баш тартты.

12:59 Депутаттарды колдоо үчүн келгендер темир тор аркылуу алардын колдорун кысып жатышат. Сот отуруму аяктады.

Азырынча кийинки сот жыйынынын качан болоору так белгисиз.

12:57 Судья толук жымжырттыкта өз чечимин окуду. Ал аны четтетүү өтүнүчүн канаттандырды.

12:51 Сот жообуна тартылып жаткандарды жыйындар залына алып келишти. Тыныгуу аяктады, бардыгы судьянын келишин күтүп жатышат.

12:36 Биринчи май райондук сотунун алдындагы митинг:

tashiev-protest_10491

-11222длрджтjpg

 

 

 

-11222длртjpg

12:27 Митинг катышуучулары «Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бошоткула» деп кыйкырып жатышат.

12:27 «Ата-журтчулардын» тарапташтарынын митинги:

-11222длртjpg

12:25 Kloop.kgнин кабарчысы Жыргал Таалайбековдун эсеби боюнча ал жерге 100дөн ашык киши чогулган.

12:24 Сот имаратынын алдындагы митинг катышуучулар «Ташиев чыксын» деп кыйкырып жатышат.

-11222длртjpg

Сүрөттүн автору: Жыргал Таалайбеков

12:23 Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында «Ата-Журттун» лидерлеринин тарапташтарынын митинги уланууда.

12:10 Судья өзүнүн четтетүү боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

12:05 Сот залында күйүк жыттанып кетти.

12:02 Kloop.kgнин кабарчысынын кезектеги сүрөттөрү:

-11222длртjpg

-11222длртjpg

-11222jpg

-112822jpg

11:56 Прокурорлор сот жыйынына үчөө тең катышууга укуктары бар экендигин айтып жатышат. Мамлекеттик айыптоочулар Боромбаев калыс судья деп, аны четтетүүгө эч кандай себеп жок деп эсептешүүдө.

11:52 Айыпталып жаткан депутаттардын жардамчыларынан «ур-токмок жеген» жабырлануучулар Боромбаевге ишене тургандыктарын жана аны четтетпөөнү өтүнүп жатышат.

11:50 Сот судьяны четтетүү боюнча депутаттардын да пикирлерин сурады. Парламентарийлер Боромбаевди алмаштырууну, бирок ишти Биринчи май райондук сотунда эле калтырууну өтүнүштү.

11:44 Сот жообуна тартылып жаткан Генерал-майор Кубат Кожоналиевдин (Ташиевдин жардамчысынын) коомдук жактоочусу Азиза Абдирасулова сөз сүйлөп жатат. Ал дагы судья Боромбаевдин четтетилишин өтүнүүдө.

11:41 «Ата-Журттун» депутаты Жылдыз Жолдошева да судьянын четтетилишин талап кылды. Анын айтымында, депутаттардын соту «дүйнөлүк масштабга ээ» жана анын жүрүшүнө көптөгөн эл аралык уюмдар көз салууда.

11:37 Осмонов депутаттарга карата кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алаарын, ал эми оппозиционерлерге каршы кылмыш ишин анын орун басары козгогондугун судьянын эсине салды.

Депутат ошондой эле эпарламентарийлердин 3-октябрдагы аракеттерин «бийликти күч колдонуп басып алуу аракети» катары эмес, «бейбаштык» катары кароо керек деп эсептейт. Осмонов дагы судьяны четтетүү талабын колдоду.

11:29 Оппозиционер-депутаттардын иши каралып жаткан сот отурумунан сүрөттөр:

-112822

2013011112844

11:25 Ташиев, Жапаров жана Мамытовдордун партиялашы, депутат Курманбек Осмонов судьяга парламентарийлерди жактырган мүнөздөмө берди.

11:21 Сот жообуна тартылып жаткандардын бардык тогуз жактоочусу тең судья Боромбаевдин четтетилишин талап кылышты.

11:16 Айткулов Жапаровдун жактоочусунун ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү тууралуу айткан пикирин менен макул болгон жок. «Учурда прокурорлорду четтетүү маселеси каралбашы керек, азыр биз соттун төрагасын четтетүү маселесин гана карап жатабыз», — деди Айткулов.

11:13 Жатоочулар биринин артынан экинчиси Айткуловдун судьяны четтетүү боюнча билдирген өтүнүчүн колдоп жатышат. Ошондой эле алар райондук прокурордон башкасынын бардыгынын четтетилишин талап кылышууда.

11:12 Жапаровдун жактоочусу Биринчи май райондук соту толук курамы менен саясий буйруктарды аткарып жаткандыктарына ишенээрин билдирди. Жактоочунун айтымында, эгер ишти Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилсе андагылар буйруктарды аткарууну «жакшы билишпейт».

11:07 Мамлекеттик айыптоо тараптан үч прокурор катышып жатат: Башкы прокуратурадан, шаардык жана райондук прокуратурадан. Жапаровдун жактоочусу залга райондук прокуратурадан келген айыптоочуну калтырууну суранды.

Жапаровдун жактоочусу да судьянын четтетилишин талап кылууда. Ал Боромбаев өзүнүн каалоосу менен кетүү укугун пайдаланышы керек деп эсептөөдө. Жактоочу тараптагылардын пикиринде, судья «ойлонбостон эле» прокурорлордун дооматтары менен макул болуп жатат.

11:02 Айткуловдун айтымында, судья Абдразак Боромбаев Ташиевдин баш коргоо чарасын белгилөөдө «жактоочу тараптын дооматтарын анализдөөгө аракет кылбай, иштин жыйынтыгына кызыкдар экендигин көрсөткөн». Жактоочу Боромбаев оппозиционерлердин ишин кароону уланта албайт деп эсептейт.

10:59 Жактоочу тарапта тогуз киши. Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов судьяны четтетүүнү суранды, айтымында судья адилетсиз деген шектенүүлөр бар.

10:53 3-октябрдагы митинг учурунда парламентарийлердин жансакчылары сабаган делинип жаткан жабыр тарткандарды өздөрүн тааныштырууну өтүнүштү.

10:50 Судьяга Ташиевдин жансакчысы кечээ ал балалуу болгондугун айтты. Залдагылар кол чабышты.

10:47 Залда алты киши сот жообуна тартылып жатат: үч депутат, Ташиевдин эки жансакчысы жана коомдук жардамчысы. Алардын бардыгы тең кезек менен өзүлөрү жөнүндө жеке маалыматтарын айтып берип жатышат.

10:39 Сот отурумунун залынан Kloop.kgнин кабарчысы Зарема Султанбекова билдирүүдө:

«Сот залына 70тей киши чогулду, алардын арасында журналисттер, коомдук жактоочулар, күзөттөгүлөр жана парламентарийлердин туугандары бар».

10:34 Судья депутаттардан аты-жөнүн, туулган жылын жана башка жеке маалыматтарын айтууну өтүндү. Процесс кыргыз тилинде өтүп жатат.

10:32 Сот отурумуна депутат Турсунбай Бакир уулу менен бирге бир нече укук коргоочулар келди. Аны менен катар көчөдө оппозиция лидерлерин колдоп тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.

dtваижмi

10:29 «Ата-Журттун» лидерлери соттун башталышын күтүп жатышат

dtваижмi

10:20 Сот жыйыны өтүп жаткан имарат болжол менен элүүдөй милиция кызматкеринин курчоосунда. Имаратка журналисттердин бир бөлүгүн гана киргизишти.

09:45 Оппозиялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлери «Кумтөрдү» улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» жана «бийликтин басып алууга үндөгөн» деп айыпталып жатышат.

Анын жүрүшүндө нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бир бөлүгү парламент имаратын курчап турган тосмодон ашып өтүшкөн, бирок милиция тарабынан сүрүлүп чыгарылган.

Автор: Зарема Султанбекова