Экс-депутат Мелис Эшимканов жарык дүйнө менен кош айтышты


Праламенттин экс-депутаты, Улуттук телералдио корпорациясынын башчысы Мелис эшимканов 15-сентябрь күнү жүрөк оорусунан улап жарык дүйнөдөн кайтыш болду. 2005-жылда болгон төңкөрүштөн кийин Мелис Эшимканов эң активдүү саясатчылардын бири болгондугун бир нече саясатчылар айтып эскеришет.

Эшимканов Бишкектеги жеке менчик «Камэк» аттуу ооруканасында күндүз каза тапкан, 49-жашка чыгыш үчүн алдыда үч ай гана калган.

«К-Ньюс» маалымат кызматынын кабарына жараша, Эшимканов ооруканага эртең менен саат ондо жеткирилген.

«Эшимкановдун жүрөгүнүн иштебей калышынын бирден-бир себеби анын инсульттан кийинки ден-соолугунун оорлоп кетишинде болгон», — деп маалымдады «К-Ньюс».

Аталган саясатчынын өлүмүн президентикке талапкерлердин бири, ИИМ мурунку башчысы Өмүрбек суваналиев да аныктады. Эшимканов талапкердин шайлоо алдындагы штабында акыркы күндөрү кызмат өтөп келген.

«Акыркы жумада ал катуу ооруду», — деди Суваналиев.

Парламенттин экс-депутаты, Эшимкановдун жакын досу бегалы Наргозуев белгилүү саясатчыны акыркы сапарга узатуу аземи 17-сентябрда Бишкектеги опера жана балет теартында болоорун кабарлап, экс-депутат Эшимканов Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилээрин билдирди.

Журналисттик кесиптен саясатчылыкка

Эшикановдун саясаттагы ийгиликтеринин туу чокусу 2006-жылдын соңуна туура келет. Ал өлкөдө реформа жүргүзүлүшү үчүн активдүү иштеген саясатчылардын бири болгон.

Бул кыймыл ошол тапта өлкө башчысы болуп турган Курманбек Бакиевдин бийликтеги күчүн азайтып, өлкөнү башкарууга парламент өкүлдөрүн көбүрөөк катыштыруу болуп эсептелинген.

Эшимканов өзүнүн негизги адистиги боюнча журналист болуп, «Асаба» басмасынын башкы редактору катары эмгектенип, ал эми 2001-жылы «Агым» жеке гезитин жарыкка чыгарган.

Депутаттык кызматтан Эшимканов 2007-жылы парламентти таркатуу болгондо кеткен. Ушул эле жылдын аягында ал оппозиционерлердин катарынан чыгып, Бакиевчилердин командасына кошулду. Андан улам биринчи улуттук каналдын жетекчиси болуп шайланган.

2009-жылдын соңунда ал өнүктүрүү фондунун байкоо кеңешине өтүп, ал эми 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин саясаттан такыр эле четтеп кеткен.

Реакция

Саясатчылар Эшимкановдун алып барган ишиндеги карам-каршылыкты баса белгилешип, оппозициядан Бакиевдик улуттук телерадио корпорациясына өтүп кеткенин айтышат.

Серепчи Марс Сариев Эшимкановду революциянын кыймылдаткычы катары эсептейт. Серепчиини оюнда кайтыш болгон саясатчы Кыргызстандын биринчи башчысы Аскар Акаевди 2005-жылы тактысынан алып салуу иштерине активдүү катышкан адамдардын бири болгон.

«Ал жарандык коомдун түзүлүшүндө чоң ролду ойноду», — деп эсептейт Сариев.

Сариевдин божомолунда Эшимкановдун дүйнөдөн кайтыш болушунун бирден-бир себеби анын саясаттагы активдүүлүгүндө болушу ыктымал.

«Анын жүрөгү көтөрө алган жок. Анткени ал саясат жаатында абдан эле активдүү эел. Ал эми ал сыяктуу кишилер абдан эрте жок болушат», — деп божомолдоду Сариев.

Саясатчы Эльмира Ногойбаева дагы Эшимкановдун активдүү саясат ишмердүүлүгүн баса белгиледи.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова