Парламенттин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасыКаныбек Осмоналиев мектеп директорлорунун бир ордунда 10 жылдан ашык мөөнөт иштөөсүнө тыюу сала турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Мектеп жетекчилери демилгени жактырып, жакшы пикирлерин билдирип жатышат.
Осмоналиев Kloop.kgге берген маегинде кээ бир мектептердин директорлору бир-эки жылдап эмес, ондогон жылдар бою бир орунда иштеп жүргөндүктөрүн айтты.
«Эгер директор өтө тажрыйбалуу болсо ал башка мектептерге барып иштеп, ал тажрыйбасы менен бөлүшүшү керек», — деп эсептейт ал.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева эгер мындай оңдоп-түзөөлөр киргизилсе анда билим берүү системасына толугу менен өзгөртүү киргизүүгө туура келээрин билдирди.
Ал анда эмнелерди өзгөртүү керек болуп калаарын тактап айтып бере алган жок.
«Адис катары өзүмдүн көз карашым боюнча тигил же бул директор кетиши керек деп айтсам — туура эмес болуп калат, ал жөнүндө сырттан байкап турган адамдар айтышы керек», — деди ал.
Сурамжыланган мектеп директорлору парламентарийдин сунушуна жакшы эле көз карашта экендиктерин билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №1 мектептин жетекчиси Динара Давлетова башка мектептерге барып деле иштесе болот деп эсептейт.
«Эгер ал профессионал болсо, анан да жакшы шарттар түзүлүп берилсе башка облуска деле барып иштесе болот», — деди ал.
Ысык-Көл облусундагы Көк-Мойнок 2 орто мектебинин директору Светлана Салакунова башка мектепке которулуп иштөөдө корккудай деле эч нерсе жок дейт.
«Эгер башка мектепке директор болуп которулууга мүмкүн болсо анда иштесе болот. Анткени кайсы мектеп болбосун директордун милдеттери бирдей да», – деп эсептейт ал.
Аатор: Мария Гребнева
Редактор: Шахида Дүйшеева