Парламент: Акыйкатчыны шайлоо Сох анклавындагы жаңжалдан улам кийинкиге жылдырылган

SAMSUNG

15-январга белгиленген жаңы акыйкатчыны шайлоо Сох анклавындагы жаңжалга байланыштуу болбой калды, деп билдирди парламенттин адам укуктары боюнча комитети. Добуш берүү 23-январга жылдырылган.

Парламенттин адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Эркинбек Алымбеков Kloop.kgге берген маегинде Сохтогу жаңжал менен «жаңы жылдык дем алуу күндөрү» жаңы акыйкатчыны өз мөөнөтүндө шайлоого тоскоолдук кылып койгондугун билдирди.

«Биз ал мөөнөттө жетишпей калдык. Белгилүү бир мыйзам бузуулар бар, бирок мен андан коркунучтуу деле эч нерсе көрбөй элем, анткени 23-январда шайлайбыз. Баары бир жаңысы же кайрадан шайланган акыйкатчы өз кызматына 14-февралда киришет», — деп түшүндүрдү Алымбеков.

«Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик башкы укук коргоочу ага чейинки акыйкатчынын мөөнөтүнүн аякташына 30 күн калганга чейин шайланышы керек. Учурдагы мамлекеттик укук коргоочу Турсунбек Акундун ыйгарым укуктары 14-февралда аяктайт.

Акун болсо шайлоолорду өткөрүү процесси ага көз каранды эмес экендигин билдирди.

«Бул кийинкиге калтырып, жылдырып жаткан депутаттардын ыйгарым укугу, аны мен чечпейм. Акыйкатчыны шайлоо маселесин 15-январда карай албай калышты, анткени анда Сох маселеси каралды», — деди укук коргоочу.

Сох анклавындагы жаңжал 6-январь күнү күндүз, Хушяр өзбек айылынын жашоочулары менен кыргыз чек арачыларынын ортосундагы кагылыштан улам башталган. Көп өтпөй Хушяр айылынын жашооочулары 30 кыргызстандыкты барымтага алып алышкан.

Кызмат үчүн күрөш

«Эгалитэ» аналитикалык борборунун талдоочусу Иван Каменко акыйкатчыны шайлоону мамлекеттик укук коргоочу кызматына байланышкан жашыруун сүйлөшүүлөрдөн улам жылдырышты деп эсептейт.

«Анда [акыйкатчы кызматында] белгилүү бир ресурстар, иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөр бар, учурда көрүп жатасыңар ал кызматтын айланасында расмий эмес иштер жүрүп жатат. Мына ошондуктан макулдашуулар үчүн 8 күн беришти», — деп болжолдоду талдоочу.

Каменко акыйкатчы кызматы бийликти өзүнүн калыс экендигине ишендире алган адамдын ээнчисине тийет деп эсептейт. Анын айтымында, акыйкатчылыкка талапкерликтерин койгон укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Дмитрий Кабак укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөш жүргүзүп келишкендиктен алар азыркы бийликке ылайык келбейт.

«Алар парламентарийлер үчүн дагы, өкмөт менен президент үчүн дагы ылайыксыз фигура. Алар бийликке карата калыс эмес, а бул болсо учурдагы тандап алуунун эң негизги критерийи», — деп кошумчалады «Эгалитэнин» талдоочусу.

Саясий серепчи Марат Казакпаев шайлоолордун кечеңдешинин себеби —«техникалык» деп эсептейт. Ал учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «кызматынан кетет» деп болжолдоду.

«Эгер Акунга окшогон дагы бир киши болсо анда акыйкатчынын кызматы массалык түрдө өзүнүн ишенимдүүлүгүн жоготот да такыр эле кереги жок болуп калат. Аталган институттун аброюн көтөрүү үчүн эң оптималдуу фигура Акылбек Сариев [Боршайкомдун мурунку башчысы] деп ойлойм», — деди саясий серепчи.

Акыйкатчы кызматына талапкерлер:

  • Азиза Абдирасулова, «Кылым Шамы» укук коргоо борборунун башчысы
  • Турсунбек Акун, учурдагы акыйкатчы
  • Темирбек Арымбаев, акыйкатчынын мурунку кеңешчиси
  • Турсунбай Бакир уулу, парламент депутаты, мурунку акыйкатчы
  • Токтокан Боромбаева, акыйкатчынын орун басары
  • Дмитрий Кабак, «Ачык көз караш» укук коргоо борборунун башчысы
  • Чолпон Койчуманова, Улуттук илимдер академиясынын институтунун окумуштуу катчысы
  • Маматурайым Момунов, акыйкатчынын мурунку орун басары
  • Акылбек Сариев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы
  • Нурдин Сулайманов, акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча тескөөчүсү
  • Айчүрөк Тазабекова, Өкмөттүк эмес уюмдар менен Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы
  • Иса Токоев, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы
  • Акин Токталиев, жактоочу-укук коргоочу
  • Ашыркул Токторбек уулу, жактоочу, Эл аралык жактоочулук ассоциациянын мүчөсү

Автор: Азат Рузиев