Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп саналган «Дордойдун» унаа токтотуу жайына унаа коюуунун акысы 50 сомдон 20 сомго төмөндөдү. Базар жетекчилиги баалардын жогорулашын «Дордойго» бара турган жолдорду оңдоп, ал жерге светофор орнотууну пландап жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Аты-жөнүн билдиргиси келбеген митингтин күбөсү эртең менен базардын жетекчилиги унаа токтотуу жайына бара турган жолду тосуп салгандыгын Kloop.kgге билдирди.
«Эртең менен «Дордой» базарынын жетекчилиги 50 сомдон төлөөгө каршы болсоңор унаа токтотуу жайын жаап салабыз деп, анын кире беришине эки контейнер коюп, жолду жаап салган. Бирок чогулган эл контейнерлерди четке жылдырып салган соң бааларды кайрадан төмөндөтүштү», – деди ал.
Митинке болжол менен 20дай киши катышкан.
«Дордой» базарынын унаа токтотуу жайынын башчысы Алмаз Калматов Kloop.kgге берген маегинде күбөнүн айткандарын ырастады.
«Контейнерлерди коюп жолду тосуу менен биз адамдарга унааларды коюуунун баасы 50 сом болоорун түшүндүргүбүз келген», – деди ал.
Калматов унаа токтотуу жайынын баасы кайрадан 20 сомго төмөндөтүлгөндүктөн жолдорду оңдоп, сфетофорлорду орнотпой тургандыктарын айтты.
«Эч нерсе кереги жок болсо жолдогу чуңкурлар ошол бойдон кала берсин, 20 сомдон төлөп, жүрө беребиз. Эч нерсе кылынбайт, жолдор оңдолбой, светофорлор орнотулбайт», – дейт унаа токтотуу жайынын башчысы.
Унаа токтотуу жайынын ээлери унаа токтотуу үчүн болгон бааларды 20 сомдон 50 сомго чейин 1-февралда жогорулаткан. Администрация баалардын жогорулашынан түшкөн каражатка «Дордойго» бара турган жолдорду оңдоону пландап жаткан.
Ошондой эле базардын жанына светофор орнотуу пландалып жаткан.
Калматовдун айтымында, жолдорду оңдоп, светофор орнотуу үчүн болжол менен 22 миллион сом талап кылынмак.
Дүйнөлүк банк тарабынан 2009-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча, «Дордой» эл аралык маанидеги базарлардын катарына кирет, ошондой эле ал Борбордук Азиядагы эң ири базар болуп саналат.
90-жылдардын башынан бери «Дордойдун» аянты беш гектардан жүз гектарга чейин кеңейген, ал эми базардын алдындагы кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу тармагындагы жумушчулар менен ишкерлердин саны 50 миң кишиге чейин жетет, бул аны Кыргызстандын экономикасындагы негизги элементтердин бири кылып келүүдө.
Автор: Тилек Бейшеналиев
Сүрөттүн автору: «Дизель» форумунун Pusek аттуу колдонуучусу