Акын жана «Маданият» журналынын башкы редактору Наристе Алиева өзүнүн фэйсбук-аккаунтуна Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева менен жолдошу аны «катаал жазалашаарын» айтып, коркуткандыктарын жазган.
Алиева «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасына Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева менен жолдошу аны «катаал жазалашаарын» айтып, лифтте «күчтөп кармап» тургандыктарын жазган.
«Үйүмө кетүүгө уруксат бербей катаал жазалай тургандыктарын айтып, заказ менен өлтүрүп же майып кылып коебуз деп бир сааттай лифтте кармап турушту», — деп жазган ал.
Мамбеталиева жазуучунун кеңсеси жайгашкан имараттын төмөнкү кабатында жашайт. Алиева чырдын себеби катары министрдин орун басарынын кеңседен чыккан шиш такалардын үнүнө нааразы болушун эсептейт.
«Алар болжол менен жарым жыл мурун көчүп келишкен, бизди өтө катуу үн чыгарып басасыңар деп эсептешет. Кээ бирде мен, кээде кыздар шиш така кийип келген учурлар болот», — деп жазган Алиева.
Жазуучу белгилегендей, чиновниктин үй-бүлөсү менен болгон бул чыр биринчи жолкусу эмес.
«Алар [министрдин орун басары менен анын жолдошу] кирип келишет, кыйкырып студенттерди коркутат, үйдөн чыгарабыз деп прокуратура жана башка жогорку жактагы байланыштары менен коркутушат», — деп жазган акын.
Алиева Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз бергендигин билдирди.
Мамбеталиеванын өзү болсо Алиеваны коркуткандыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке кагып жатат.
«Мага мунун эмне кереги бар? Алар биздин жогорку кабатыбызда иштешет. Кеңсесинин полу мрамор менен капталган, анан алар шиш така менен тарсылдатып басышат. Дем алыш же майрам күндөрү таң эртең менен ойготот. Кечээ балдар жаткандан кийин жарым түндө такылдактар кайрадан башталды. Жолдошум аларга чыгып, тынч болууларын өтүндү. Андан соң мен Алиеванын кыйкырыктарын уктум. Барып аны соорото баштадым», — деген чиновник «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде.
Анын версиясы боюнча, Алиева ага өзү кол салып, анын колун «тиштеп» алган.
«Жолдошум экөөбүз ага милиция келгенге чейин күтүп, арыз жазууну сунуштадык. Буга ал макул болбой, кимдир бирөөлөргө телефон чала баштады. Анан чымыр денелүү үч киши келип, биздин сунушубузга Алиеваны кое берүүбүздү талап кылышты. Алар кетип калышты, анан биз өзүбүз арыз жаздык», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Мамбеталиеванын айткандарын.
Автор: Хлоя Гейне
Сүрөт Наристе Алиеванын фэйсбук-аккунтунан алынды