Жол тоскондор камалып, аларга айып салынат

IMG_0064_

Президент Алмазбек Атамбаев Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койду – ага ылайык, унаа жолдорун жапкандар үч саатка чейинки убакытка камалып, аларга айып салынат. Саясат таануучулар бул жаңы эреже тууралуу ар түрдүү пикирлерин билдирип жатышат.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун түзүүгө жарандардын жылып жүрүү эркиндигине болгон укуктарын коргоо себеп болгон.

Өзгөртүүлөргө ылайык, кодекс 231-1 берене менен толукталат – анда жолду тоскон жеке тараптар 3 миңден 5 миң сомго чейинки, ал эми юридикалык жактар 50 миңден 70 миң сомго чейинки айып менен жазаланышат деп жазылган.

Аталган мыйзамды ишке ашыруу максатында Ички иштер органдарына тартип бузгандарды үч саатка чейинки убакытка камоо жана жолдорду тосуу жөнүндөгү протоколдорду түзүү ыйгарым укуктары бөлүнүп берилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Шамшыбек Моморов  Kloop.kgге берген маегинде милиция акциянын катышуучуларынын бардыгын эмес, жол кыймылына тоскоолдук кылгандарды гана кармай тургандыгын билдирди.

«Кайсыл гана жаран болбосун өз укуктарын талап кылуу менен бирге башка адамдардын да укуктарын сакташ керек. [...] Мыйзам бар жана милиция аны бардык мыйзам бузган адамдар үчүн колдонот. Конкреттүү түрдө ким мыйзам бузса ошону гана кармайбыз», — деди Моморов.

Кодекске өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө кол коюуу парламент имаратынын маңдайындагы Чүй проспектисин бир нече саатка тосуп алган «Ата Мекен» партиясынын тарапташтарынын 13-февралдагы митингинен кийин болду.

Мэрия анда жолду тоскон адамдарды жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алган. Бирок басма сөз катчысы Чынара Усупбаеванын айтымында, ал боюнча мыйзамда айтылбагандыктан эч нерсе кыла алышкан эмес.

«Жолдорду тосууга болбойт — ал жашоочулар үчүн ыңгайсыздыкты жаратып , шаардын жашоосуна тоскоолдук кылат. Жолдорду тосуу – чектен чыккандык деп эсептейм», – деди ал.

Жазалоо керекпи?

Саясат таануучу Марс Сариев мыйзам долбоору оппозициянын митинг өткөрүүсүнө чектөөлөрдү киргизет деп эсептейт. Анын пикиринде, жолдорду тоспой нааразычылык акциясын өткөрүү кыйын болуп калат.

«Бийликтегилер жазында боло турган нааразычылык акциялары күтүлбөгөн кесепеттерди алып келиши мүмкүн деп чочулап жатышат, демек бул мыйзам долбоору оппозициянын ыкмаларынын талаасын чектейт. Анткени мындай жол менен митингдерди мыйзамдын негизинде токтотууга мүмкүн», — деди талдоочу.

Ал митинг маалындагы мүмкүн болгон кармоолор Кыргызстандагы нааразычылыктарды күчөтүшү мүмкүн деп болжолдоодо. Саясат таануучу бул мыйзам долбоорун кабыл алууну бир четинен — туура чечим деп эсептейт.

«Андай акциялардын өткөрүлүшү кыймылды токтотуп, башка жарандардын укуктарын бузат. Юридикалык көз караш менен караганда бул туура чечим», — дейт Сариев.

Саясат тармагындагы башка талдоочу Токтогул Какчекеев мындай толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү эбак эле кабыл алыш керек болчу деп эсептейт.

«Бул кечиктирилген норма. Негизи эле жол тосуу – бул өлкөнүн азык-түлүктүк, медициналык жана аскердик коопсуздугуна зыян келтирүү», – дейт Какчекеев.

Саясий талдоочу толуктоолорду киргизүүдөн сырткары мыйзам долбоорунун өзүн да өзгөртүү керек деп эсептейт.

«Жоопкерчиликсиз митингдердин канчасы болбосун кепилдеген конституциядагы норманы алып салыш керек деп эсептейм [...] бирок бийликке митингтер аркылуу келгендер муну кылбайт деп ойлойм, анткени алар бийликке көчө митингдери аркылуу келген да», – деп эсептейт ал.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Александра Ли

 

Сүрөттө: «Ата-Журттун» лидерлерин колдогон митингдердин бири