Камактагы депутат Нариман Түлеев андан УКМКнын тергөө абагынын жогорку кызматтагы эки башчысы пара талап кылгандыгы тууралуу билдиргенден кийин абактын аталган эки кызматкери кызматтарынан убактылуу четтетилишти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев кызматынан четтетилгендигин, ал эми тергөө абагынын башчысы Мирбек Муканбетов кызматынан төмөндөтүлгөндүгүн билдирди.
«Бул тергөө [кызматтык иликтөө] аяктаганга чейин эле», — деп түшүндүрдү УКМКнын басма сөз кызматынын кызматкери.
Ал депутат жана Бишкектин мурунку мэри Түлеевдин айткандары аныкталбаса Алдашев менен Муканбетовдор кайрадан өз кызматтарына келээрин айтты.
Басма сөз кызматтын өкүлү кызматтык тергөө канча убакытка созулаарын так айтып бере алган жок.
«Ар бир нерсенин өзүнүн мөөнөтү бар. Болжол менен бир айдай болот», — деп билдирди ал.
УКМК тергөөнү саламаттыгынын начарлагандыгынан улам УКМКнын терегөө абагынан мекеменин аскердик-медициналык кызматына которулган Түлеев менен акыйкатчынын аппаратынын кызматкери жолуккандан кийин демилгелеген.
Түлеев акыйкатчынын аппаратынын кызматкери менен болгон сүйлөшүүсүндө медициналык кызматтын башчысы Нияз Алдашев анын «абалынын оор» экендигине карабай, тергөө абагына жөнөтпөй медкызматтан дарылануусун улантуу үчүн 50 миң доллар талап кылгандыгын билдирген.
«Түлеев үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан баштап ага карата УКМКнын тергөө абагындагы мамилеге каршылыгын билдирип кургак ачкачылык жарыялоону көздөп жатат. Учурда Түлеевдин кургак ачкачылыгы уланууда», — деп жазылган акыйкатчы аппаратынын таркатмасында.
Мурунку мэрди УКМКнын тергөө абагынан ооруканага 14-январда, анын саламаттыгы начарлагандыгынан улам которушкан. Анын жактоочусу Султан Баратовдун айтымында, Түлеев мурунунун гаймор көңдөйүнүн плазмоцитомунан жабыркап жатат.
Түлеевдин кармалышы
Түлеев 2012-жылдын июнь айынан бери камакта — ал 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деп күнөөлөнүп жатат.
Ага карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчи иши боюнча ал 200 кытай автобусун жогорулатылган баада сатып алган деп айыпталып жатат.
Экинчи иш боюнча Башкы прокуратура мурунку шаар башчысы 2008-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташый турган унааларды алып келүүдө мыйзам «бузгандыгын», ошондой эле Шопоков көчөсүндө жайгашкан мурунку бала бакчанын имаратын «мыйзамсыз» саткандыгын аныктаган.
Депутат болсо айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат. Түлеевди жактоочу тарап депутатка карата козголгон кылмыш ишин «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.
Башкы прокуратура 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин эле мурунку шаар башчысына карата кылмыш ишин козгогон. Бирок Түлеев оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп шайлангандан кийин иш кайрадан жабылган.
Автор: Алексей Ким