Бишкек мэриясы мугалимдердин айлыктарынын кечиктирилип жаткандыгы тууралуу президенттин билдирүүсүн четке кагып жатат

bishkek-at-night_10359

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шаардын чиновниктери мугалимдердин айлык акылары кечиктирилип жаткандыгын эске алып маяналарын алардан кийин гана алсын деген токтом чыгарды. Бишкек мэриясы мугалимдерге айлык төлөөдө эч кандай көйгөй жок экендигин билдирип жатат.

19-февралда өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго шаардын мугалимдеринин айлык акылары өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылып, бул маселени жеке көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берди.

«Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэриясынын кызматкерлери борбордун бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана маяналарын алышы керек деп эсептейм», — деп жазылган Атамбаевдин сайтына басылып чыккан анын тапшырмасында.

Президенттин сайтына ылайык, Бишкектин мугалимдерине 2012-жылдын декабрь айынын айлык акысын төлөө кечиктирилип, кээ бирлери аны 21-январда гана алышкан.

«Ошол эле учурда Бишкек шаарынын райондук администрациялары менен мэриясынын декабрдагы маянасы «Айлык акы» беренеси боюнча 2012-жылдын 25-декабрына чейин эле  толук  каржыланган», — деп жазган Атамбаев өз сайтына.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген Бишкектин №13 мектебинин мугалими Kloop.kgге берген маегинде акыркы убактарда мугалимдердин айлыктары кечиктирилип берилип жаткандыгын айтты.

«Биз январдын айлыгын дагы деле ала элекпиз. Эмнегедир акыркы учурларда кечиктирүүлөр болуп жатат — азыр кээ бир мугалимдер жолго да акча жок деп даттанып жатышат. [...] Дайыма онуна чейин алчубуз, 3-4 айдан бери кийинки айдын аягында алып жатабыз», — деди мугалим Kloop.kgге.

Бирок Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Атамбаев тарабынан айтылган маалыматтарды четке кагып жатат.

Мугалимдер айлыктарын биринчилерден болуп алышат деп ишендирип жатат шаар бийлиги.

«Алар айлыктарын ай бүтө электе эле алышат. Калганы алардын бухгалтерине байланыштуу болот. Ошондой эле салыктардын чогулушуна да көз каранды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына.

Бишкектин Свердлов жана Октябрь акимиаттары да айлык маяналар өз убагында төлөнүп жаткандыгын билдиришти.

Айлык төлөөдө эч кандай көйгөй жок экендигин бир катар мектептер да ырастап жатышат — алардын арасында №57 орто мектеп бар, анын өкүлү Kloop.kgнин журналистине мугалимдер маяналарын өз убагында алып жаткандыктарын айтты.

Автор: Азат Рузиев